Өзгөн: мечитте айыл тургуну мурдагы имамга бычак шилтеди

Ош облусунун Красный Маяк айылындагы мечитте бычак жеген мурдагы имам Өзгөн райондук ооруканасына түштү. 64 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитте 26-февраль күнү мурдагы имам менен айыл тургуну чырдаша кеткен. Кайым айтышуунун натыйжасында 64 жаштагы тургун 40тагы имамга бычак шилтеп жиберген.

Колунан жаракат алган бейтап учурда Өзгөн райондук ооруканасында дарыланып жатканын Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» маалымдады.

«Кайым айтышууда айыл тургуну мурдагы имамды “зекетке топтолгон акчаларды жеп койгонсуң” деп айыптаган. Имам муну четке кагып, мушташа кетишкен. Жыйынтыгында айыл тургуну имамдын колуна бычак шилтеп жиберген», — деди Аширбаев.

Учурда шектүү Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, «бейташтык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, шектүү мурда «уурулук» беренеси менен соттолгон. Тергөө иштери жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: