ЖМК: Эксперттер Фарид Ниязовдун жүзөгө ашпай калган оставкасы жөнүндө эмне деп айтышууда?

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов. Сүрөт: Султан Досалиев/Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-февралда өзүнүн аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча арызына кол коюудан баш тартып койду. Биз бир материалда  «Азаттык» жана «Кактус» басылмаларына комментарий беришкен эксперттер менен саясий серепчилердин пикирлерин чогулттук.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов

Кетип бараткан президент Сооронбай Жээнбековдун колун "байлап" кетти. Ушундан улам ал аппараттагы бир да бөлүм башчыны алмаштыра алган жок. Жеке аппарат деген аппарат. Аппарат башчы өтө ишенимдүү адамың болушу керек. Фарид Ниязовду дайындоо - бул Сооронбай Жээнбековдун чечими болгон эмес. Башынан эле ал Фарид Ниязов Сооронбай Жээнбековго жат, чоочун кишидей эле болгон. Ал азыркы президенттин кадры же ишенимдүү адамы эмес. Ал мурдагы президент Атамбаевдин кишиси.

Фарид Ниязовго Жээнбеков ишенбейт, тапшырма бербейт. Ушундан улам бул киши кечээ кызматтан кетиши тууралуу маалыматты өзүнүн таарынычы катары өзү чыгарып, өзү жарыялады. Анан бүгүн эртең менен айтылган расмий маалыматта "эс ал" деген сөз да анын беделине шек келтирип жатат.

Саясат тануучу Марс Сариев

Фарид Ниязовдун тобу, саясий технологдору аябай күчтүү. Ниязов шайлоодо штабды башкарып, Жээнбеков президент болду. Азыр байкасаңар Жээнбеков өз кишилерин кое баштады. Анан ал "коррупция менен күрөшөм" деди, андан кийинки кадамдарын эл күтүп жатат, жарандык коом да аны менен жолуккусу келип жатат. Бирок ал ушул жагдайда утулуп жатат. Менимче ал катуу, күчтүү бир чечимдерди баштайын десе - аны Атамбаевдин командасы кабыл албай жатат. Азыр "кош бийлик" жараяны сезилип жатат.

Жээнбеков Фарид Ниязов кызматынан кетсе аныкындай саясий технологдору жок экенин түшүнүп жатат. Ошон үчүн кетиргиси келбей жатат, бирок жанындагылар аны өз алдынча президент болуп чыгууга көндүрүп жатышат. Өзүн өз алдынча көрсөтүп, өз сөзүн, өз оюн айтып күчтүү президент болуп чыгышы керек. Болбосо аны Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев менен салыштырып жатышпайбы, "ал маселелерди бир заматта чечет" деп. Ошондуктан анын создуктурганы аброюна көлөкө түшүрүп жатат.

Депутат Жанар Акаев

Азыр аппаратта Фарид Ниязовдун мурдагы президенттин тушундагыдай таасири жоголгон. Ниязов деле жаңы президенттин командасына, келген кеңешчилерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек экенин түшүндү окшойт. Анын таасирин азайтуу аракети болду да, ошон үчүн ал "кетип эле калсаң жакшы болот" деген ишаратты сезди. Президент Жээнбеков бул окуядан улам “Жээнбеков-Атамбаев тиреши башталды" деген ушак күчөп кетпеши үчүн Ниязовду ордунда калтырды окшойт. Экөөнү каршылаш койчу күчтөр жок эмес, бирок Жээнбеков андай кадамга барбаса керек.

Мен Фарид Ниязовдун саясий жолун мактай албайм, бирок иштерман, коррупциядан алыс адам экенин билем. Кызыгы анын кызматтан кетиши тууралуу жаңылыкты Интернет коомчулугу абдан кубаттап кабыл алды. Бул болсо учурда коомчулук жаңы президенттен өзгөрүүнү, жаңыланууну, кадрдык саясаттагы жүрүштөрдү ушунчалык чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирет. Эл жаңы президент коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү эски команда менен жүргүзө албай турганын сезип турат.

Саясат тануучу Турат Акимов

Фарид Ниязов - аябай такшалган жигит, далай интригага бышкан. Бирок бир эле убакта эки кожоюнга кызмат кылуу өтө кыйын. Анткени Атамбаев деле андан "өткөн-кеткен кагаздар кантип атат, эмне болду" деп сурап калышы мүмкүн. Ал деле резиденциядан кеткен эмес, ошол жерде жашап жатат. Ошондуктан ал кысталып эле жатат деп ойлойм. Болбосо Фарид Ниязов өтө интеллигенттүү, кыргыздын аки-чүкүсүнө кийлигишпеген киши. Бирок ал Атамбаевге абдан берилген, ага жан-дили менен иштеп берген.

Жаңы президент келди, эми ага жаңы "шыпыргы" керек, жаңыча "шыпырышы" керек. Азыр Сооронбай Жээнбековдун эң ишенимдүү кишиси - өз иниси Асылбек Жээнбеков. Ушундан улам ортодо бир оюндар болуп жатат деп ойлойм. Президентке ар кимиси өзүнчө таасир эткиси келет, анан президент өз инисин угабы же мурдагы "падышадан" калган кишини угабы? Көп адамдар Асылбек Жээнбековго чыгып, ошо аркылуу эле көп маалыматты президентке берип коюшу мүмкүн.

Жарандык активист Адил Турдукулов

Аны эс алууга кетиргени - кызматтан жылуу-жумшак узатуу ыкмасы болуп жатат.

Анткени анын кайра кайтып келип, ишин улантарына көзүм жетпейт. Бул жерде мурунку президент менен азыркы президенттин ажырымы күчөп жаткандай. Балким Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда жеке келишпестиктер жоктур, бирок эки команданын ортосундагы көмүскө күрөштү биз баарыбыз эле көрүп жатабыз.

Жаңы президенттин күчкө толуп жатканы табигый эле нерсе.

Саясат тануучу Эдил Осмонбетов

Негизи, болуп жаткан окуяларга баа берүү эртелик кылат. Ар ким эле чарчашы мүмкүн. Мен учурда анын кетишинен саясий абал үчүн эч бир коркунуч көргөн жокмун. Саясатта өз командасын түзүү деген эреже бар. Ал эми Жээнбеков азырынча муну аягына чейин кыла элек — анын бийликте отурганына аз эле убакыт болду. Жада калса Доналд Трамп экинчи жыл президенттикте отуруп, жаңыдан эле командасын курап бүттү. Жээнбеков да, Ниязов да ашыкча бир кыймыл аракет жасабаган оор салмактуу саясатчы болуп эсептелишет. Эгерде тыным алынса, демек, бардык маселени чечсе болот. Бир аптадан кийин окуянын уландысы даана белгилүү болуп калат.

Саясат тануучу Аида Алымбаева

Ниязовдун отставкага кетүү боюнча арызы көбүнесе мурдагы жана учурдагы президенттердин (Атамбаевдин жана Жээнбековдун) командаларынын мамилесине байланыштуу. Жээнбековдун жеке өзүнүн командасы куралууда жана анда мурдагы президенттин үзөңгүлөштөрүнө орун жок. Балким Ниязов эки оттун ортосунда жүргөндөн чарчап кетсе керек. Ага КСДП партиясында болуу жеңилге турат, анткени Ниязов ага дайыма лоялдуу болду. Жээнбеков жеке өзүнүн тилектеш командасын түзүүдө бардыгынан да өзүнүн ишенимдүү үзөңгүлөштөрүнө (түштүк кланына) таянууда.

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда ачык жана катуу тиреш жок, бирок учурдагы президенттин Коргоо кеңешиндеги билдирүүсү түшүнбөстүктөрдүн бар экенин көрсөтүп койду. Мен убактылуу алынган тыныгууга карабастан, Фарид Ниязов аппарат жетекчилик кызматынан кетет деп божомолдоп атам. Анын кызматтан кетүү боюнча арызы дыкат ойлонулган жана салмактуу чечим.

Саясат тануучу Шерадил Бактыгулов

Ниязовдун айланасында болуп жаткандардын бардыгы — оюндагы кийинки кадам, бирок негизги эмес. Анткени азыр бардык саясий күчтөр КСДП партиясынын съездин күтүп атышат. Жээнбеков мурдагы президентке салыштырмалуу ар-намысы менен сөзүнө бекем турган адам, ал тассир этүү оюндарын жүргүзүүнүн принциптерин билген мыкты администратор жана жетекчи. Ал Ниязовду жөн эле кетирип салбайт. Ниязовду кимдир бирөө абдан жеткирип койгон, ошон үчүн ал кетүүнү чечти же абдан чарчады. Аткаминер чынында маанилүү функцияны аткарып жаткан. Ниязов бийликтин эки бутагынын ортосунда консенсус таап, аппарат жетекчилик кызматында өлкө боюнча бийликтин үстөмдүгүн тургуза алган.

Фарид Ниязовдун кетиши — бул салмактуу чечим жана ал кетет. Балким, Ниязов партиянын курулушун колго алат, мүмкүн, Атамбаевдин ири «Алтай цивилизациясы» долбооруна катышаттыр. Ниязовдун кетиши боюнча жагдайды мурдагы жана учурдагы эки президенттердин тиреши менен түшүндүрүүгө болбойт. Ниязовдун отставкасы таптакыр бул нерсеге байланыштуу эмес.

Саясат тануучу Денис Бердаков

Мага белгилүү болгондой, Фарид Ниязов акыркы кездерде абдан көп жана тырышуу менен иштеген, бир нече долбоорлорду жасаган. Жаңы президент жаңы эрежелерди буйрук кылууда жана майда барат нерселердеги ызы-чуулардан кутулуу мүмкүн эмес. Мен чоң бир ызы-чуунун натыйжасында аппарат жетекчиси ээлеген кызматтан кетип жаткан абалды көргөн жокмун. Жээнбековдун анын отставкасынан баш тартып койгону буга күбөө.

Ниязовго көбүнесе партиянын курулушу менен иштөө жагат, ал эми анын партиясы буга муктаж: региондордогу уячалар менен иштөө, өлкө үчүн кадрларды түптөө жана ошондой эле, өлкө үчүн жеке идеологияны иштеп чыгуу. Ниязовдун кетиши анчейин жагымдуу окуя эмес, ал эми эгерде отставкага Башкы прокуратуранын, УКМКнын же ИИМдин башчылары кетишсе — бул кызыктуу болот, анткени Жээнбеков өз алдынча эркин көрсөтө баштайт. Бирок бул башка маектешүүнүн темасы.

ТЕМА БОЮНЧА: