15 млн сом карактоого шектелгендердин жакындары милиция 26 миң долларды «кымырып» алышкан деп чыгышты

Ош шаарында жеке ишкердин үйүнөн 15 млн сом уурдоого шектелген үч тургундун жакындары милиция кызматкерлерин акчанын 26 миң долларын «кымтып калды» деп эсептейт. Ош милициясы аталган окуяны Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) иликтеп жатканын билдирди.

Өткөн жылдын 29-декабрында Оштун Ак-Тилек кичирайонунда жашаган жеке ишкердин үйүнөн 15 млн сом (10 миң доллар, 560 миң рубль жана 14 млн сом) уурдалган. Аталган кылмышка шектелип беш тургун кармалган, бирөө изделүүдө.  

Ош шаардык милициясы «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.  

Шектүүлөрдүн жакындары 28-февралда өткөргөн маалымат жыйынында, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алгандан кийин уурдалган акчаны жашырылган жеринен алууга барган оперлер 1 млн 200 миң сомду «кымырып» алышкан деп билдиришти.  

«Шектүүлөрдүн биринин үйүндө турган акчаны алуу үчүн 16-январда спецназ, тергөөчү, эксперт жана оперлер үч машина болуп барышкан. Алардын ичинен алгач бирөөсү үйгө кирип, шектүүнүн тууганы — Баястан Исаковду “нары карап тур” деп, 1 млн 200 миң сомду алып койгон», — деп билдирди өзүн шектелип кармалгандардын тууганымын деп тааныштырган Толкунбек Козуев.

Козуевдин айтымында, акчаны «кымырып бүткөн соң» опер кесиптештерине чыгып, «киргиле» деп белги берген.

«Шектүүлөрдүн дагы бири өз көрсөтмөсүндө «акчаны кайын атама бердим» деген. Кайын атадан алынган суммадан тергөөчү Акыл Алишев 540 миң сом «кымырып» калган. Каражатты алып жатканда акт түзүлүп же видеого тартылган эмес», — деп токтолду Козуев.

Козуев кошумчалагандай, милиция кызматкерлеринин «акча алгандыгы» боюнча арыздарын 22-25-январда, 4-9-февралда Башкы прокуратурага, Ош облустук жана Ош шаардык прокуратурасына жолдошкон.

Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» аталган окуя боюнча УКМК иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Материалды жарыялоо учурунда УКМК менен байланышуу мүмкүн болгон жок.


ТЕМА БОЮНЧА: