Депутат мамлекеттик мекемелерди Бишкектин чет жакасына чыгарууну сунуштады

Кожобек Рыспаев

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Бишкектин чет жакасында бардык мамлекеттик органдар жайгаша турган административдик шаарча курууну сунуштады. Депутаттын пикирине ылайык, бул шаардыктар үчүн «ыңгайлуу» жана жолдордо «тыгындар» маселесин чечсе болот.

Рыспаев «Клооптун» кабарчысына курган магинде билдиргендей, бардык мамлекеттик органдар «Бишкек боюнча ар кайсы жерлерде жайгашкан» жана шаардыктар керектүү маморгандын имаратын издөө үчүн жолдо көп убакыт коротушууда.

Анын айтымында, эгерде Бишкектин чет жакасында администравдик шаарча курулса, шаарда тыгын маселеси чечилип калышы мүмкүн, анткени бардык маморгандар бир райондо жайгашып калат.

Рыспаев мамлекеттик органдар үчүн кайсы жерде имараттарды тургузууга болоорун айткан жок. «Кантип жана кай жакта? Бул өкмөттүн баш оорусу», — деди ал.

Ал Бишкекте сатыкка койгонго бош жерлер калбай деле калганын да кошумчалады.

«ИИМдин, МККнын же Айыл чарба министрлигинин гектарлаган жерлерин сатып, андан түшкөн акчага административдик шаарча курууну сунуштап жатам. Эл бир министрликтер башкасына барып, издеп жүрүшпөөлөрү керек», — деди Рыспаев.

Депутат бул маселеде Астананын башкы курулушуна таянып, бул тажрыйбаны «ыңгайлуулугу» үчүн колдоонууну сунуштады.


ТЕМА БОЮНЧА: