Казакстан: Камактагы кыргызстандык абактын жетекчилиги тарабынан болуп жаткан кодулоолор үчүн ачкачылык жарыялады

Тараз шаарындагы абактын биринде камакта отурган кыргыз жараны жетекчилик тарабынан улут же этникалык тиешелүүлүгү боюнча кодуланууга алынып жатканын билдирди. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандын башкы прокуратурасы менен ИИМне Казакстанда камактагы кыргызстандыкты экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу өтүнүчүн жолдоду.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдиргендей, камактагы кыргызстандык III-топтогу майып. Анын айтымында, ал улут же этникалык тиешелүүлүгү боюнча абактын жетекчилиги тарабынан кодулоого кабылууда.

Кыргыз жараны бул аракеттерге каршы ачкачылык жарыялап, оозун зым менен төөнөп алган. Ал өз кайрылуусунда эгерде каза болуп калса, анын өлүмүнө абактын жетекчилиги күнөөлүү болот деп бедирген.

Сүрөт: Кыргызстандын Акыйкатчы институту

Акыйкатчы Кубат Оторбаев өзүнүн казак кесиптеши Аскарбек Шакировго кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүп, эгерде анын укуктары бузулган факт тастыкталса күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылды.

Оторбаев Кыргызстандын башкы прокуратурасы менен ИИМден камактагы жаранды экстрадициялоого көмөктөшүүнү суранды.


ТЕМА БОЮНЧА: