Казак маалымат каражаттары кармалган кыргыз депутатын «аткезчилердин башчысы» деп атады

Сюжеттен скриншот

Казакстандын КТК телеканалы кыргыз парламентарийи Дамирбек Асылбек уулунун Алматыда кармалганы тартылган видеону жарыялады. Журналисттер өз репортажында Асылбек уулун бажычылар, чек арачылар, брокерлер жана жумушсуздар кирген «контрабандалык түзүмдүн жетекчиси» деп аташкан.

КТКнын жаңылыктарындагы сюжет 26-февралда чыккан. Телеканалдын журналисттери маалыматты «эксклюзивдүү» деп аташкан.

Сюжетте кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматы шаарындагы ресторандардын биринде кармалып жатканы тартылган видеонун кадрлары көрсөтүлөт. Кадрларда кармалган эл өкүлүнүн жанында столдо бир нече адам отурганын көрүүгө болот, алардын бирин журналисттер «бишкектик бизнесмен» Уланбек Мурадилов деп аташкан.

Видеодо алар чек арага байланыштуу маселелерди талкуулоо үстүндө өздөрүнө менюдан тамак тандап жатышканы көрсөтүлөт.

«Жашыруун камерага жазылган сүйлөшүүгө ылайык, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен көптөн бери иштешкенин алардын бардыгы так билишет. Дамирбек Асылбек уулу казак чек арасындагы көзөмөлдөгү ийгиликтерине мактана баштаган. Жергиликтүү чек арачылар менен ал кордон аркылуу ар нерсени өткөрөт», — деп белгилешкен журналисттер сюжетте.

Алардын маалыматы боюнча, кыргыз депутаты казак жарандыгын алып, туулган жерин жана улутун өзгөртөнгө да «жетишкен». КТКнын журналисттеринин айтымында, казак жарандыгын анын аялы, туугандары жана достору алышкан.

«Иштин материалдары боюнча, ал [Асылбек уулу] Кытайдан Казакстанга жана Орусияга бажы жана чек арадан айланып өткөн аткез товарларды киргизип жүргөн трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы. Тергөөнүн версиясы боюнча, ага бул иште башка кыргызстандык Уланбек Мурадилов жардам берген», — деп айтылат материалда.

КТКнын журналисттери ырасташкандай, аткезчилик иши боюнча кармалгандардын бардыгы учурда күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Алардын айтымында, Казакстандын Кытай менен Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арасында «ири коррупция» бар.


ТЕМА БОЮНЧА: