Бишкек-Баткен аба каттамы: Авариялык абалда конгон учак боюнча кылмыш иши козголду

Tez Jet авиакомпаниясынын учагы 1-мартта кыймылдаткычы иштен чыгып калып авариялык конуу жасаганга мажбур болгон. Ички иштер министрлиги (ИИМ) коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

ИИМ кылмыш ишин «Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде козгогон.

Азырынча учактын кыймылдаткычтарынын биринин иштен чыгышына алып келген коопсуздук эрежелеринин бузулушуна тагыраак ким шектелип жатканы белгисиз.

Кылмыш-Жаза кодекси боюнча күнөөлүүгө бир миллион сом өлчөмүндө штраф салынат же бир жылга чейин коомдук иштерге тартылышы мүмкүн. Мындан тышкары, авиа тармагында иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратылышы ыктымал.

Tez Jet авикомпаниясынын учагындагы авария 1-мартта ал Бишкек Баткен каттамын аткарып жаткан учурда жүз берген.

Кыймылдаткычтардын бири иштеп чыгып кеткенине байланыштуу ал абадагы 30 мүнөттөн соң кайра Бишкекке авариялык конуу жасаганга мажбур болгон.

Учактын бортунда 96 жүргүнчү болгон жана алар жабыркаган эмес.

Жүргүнчүлөр борттогу дүрбөлөңдү жана учактын иштен чыгып калган кыймылдаткычын видеого тартып алышкан.

Учак конгондон кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүшкөн.

Жарандык авиация агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кабылган авариянын себептерин изилдеген комиссия түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: