Ниязов КСДПда иштөө үчүн президенттик администрациядагы кызматынан кетет

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов билдиргендей, КСДПда иштегиси келет, ошондуктан өзүнүн отставкасы боюнча чечимин өзгөртпөйт. Буга чейин ал президентке кызматтан кетүү жөнүндө арызын берген, бирок Сооронбай Жээнбеков аны кетирүүдөн баш тартып койгон.

Ниязов кызматтан кетип жаткандыгынын себебин «КСДПдагы партиялык ишке көңүл бургусу келгени» менен түшүндүрдү.

«Отставкага кетүү боюнча чечимимди өзгөртүүгө негиз жок жана аны Сооронбай Шарипович билет», — деп келтирүүдө КТРК Ниязовдун сөздөрүн.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков азырынча Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл ала элек.

Ниязов өзү бир нече жолу Социал-демократтар партиясын Жээнбековго чейин президенттик кызматты аркалаган Алмазбек Атамбаев жетектеши керектигин билдирген. Ниязов ал өлкөнү башкарып турган кезде Атамбаев менен тыгыз иштешкен.

КСДПнын курултайы бир нече жолу жылдырылган, анда партиянын төрагасы шайланышы керек болчу жана учурда ал качан өтөөрү белгисиз.

Ниязов 26-февралда президент Сооронбай Жээнбековго ал аппарат жетекчилигинен кеткени жатканы юоюнча кабарлаган. Бирок Жээнбеков анын отставкага кетүүсүнөн баш тартып койгон. Өлкө башчысы Ниязовго бир апталык эмгек өргүүсүн берип, биргеликте иштешүүнү улантууну сунуштаган.

Фарида Ниязовдун кызматтык жолу

Биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда Ниязов Тышкы иштер министрлигинин иш башкармасы жана ошондой эле, вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген. Кийинчерээк ал президенттин басма сөз кызматын жетектей баштаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Ниязов эч кандай кызматтарды ээлеген эмес, бирок саясатка 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайтып келип, Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратынын жетектей баштаган.

Ниязов 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Атамбаевдин жеңишинен кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, ал кызматта 2011-2015-жылдарга чейин иштеген.

Ал 2015-жылдын октябрь айында президенттик аппаратты жетектей баштап, кийинчерээк президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалгандан кийин бул кызматтан кеткен.

2017-жылдын ноябрында мурдагы президент Атамбаев Ниязовду «жакшы увазир» деп атап, аны «Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Анын айтымында, Ниязов бул сыйлыкка «татыктуу» болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: