Жээнбеков: Экинчи орусиялык аскер базасы боюнча маселе чечиле элек

Канттагы Орусиянын аскер базасы

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын түзүү боюнча маселе «чечиле элек». Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын экинчи аскер базасын түзүүнү сунуштаган.

Жээнбеков 6-мартта Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жетекчилери менен жолугушууда түштүктө Орусиянын аскер базасы курулабы же жокпу белгисиз экенин билдирди.

«Бул маселе мага чейин эле талкуланган. Мындай маселе көтөрүлгөн, бирок ал чечиле элек», — деди президент.

Анын айтымында, учурда Канттагы Орусиянын аскер базасы «бекемделген».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын июнунда өзүнүн орус кесиптеши Владимир Путин менен жолугушууда өлкөдө Орусиянын экинчи аскер базасын түзүүнү жана аны Кыргызстандын түштүгүндө жайгаштырууну сунуштаган.

Атамбаев учурдагы Кантта жайгашкан Орусиянын аскер базасын күчтөндүрүүнүн мааниси деле жок деп эсептеген.

Орусиянын бийлиги Кыргызстандын президентинин жүйөлөрүнө макул болбогон. Орусиянын тышкы иштер минисрлигинен билдиришкендей, «тыш жактан болушу ыктымал коркунучтарды алдын алууга» бир эле Канттагы аскер базасы «жетиштүү».  

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрында келишимдин убактысы бүткөндө орусиялык аскерлер өлкөдөн «кетиши керек» деп билдирген. Анын айтымында, республика «өзүнүн күчүнө таянышы» керек.

2017-жылдын январында Орусиянын президенти Владимир Путин эгерде Кыргызстандын куралдуу күчтөрү толук түрдө бекемделсе, анда орусиялык аскерлер  базадан «ошол эле күнү» дароо чыгып кеткенге даяр деп билдирген.

Орусиянын аскер базасы Кыргызстандын аймагына 2003-жылы жайгаштырылган. Ага Канттагы аэродром, Ысык-Көлдөгү аскерий-деңиз базасы, Майлу-Суу шаарындагы сейсмологиялык пункт жана Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү кирет.

2012-жылы эки мамлекеттин бийлиги база Кыргызстандын аймагында 2032-жылга чейин жайгаша турганы боюнча макулдашууга кол коюшкан.


ТЕМА БОЮНЧА: