«Мени эмес, мамлекетти колдогула». «Клооптун» башкы редактору Жээнбековдун ЖМКлардын жетекчилери менен биринчи жолугушуусу жөнүндө

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Бул текстте «Клооптун» башкы редактору Элдияр Арыкбаев президент Сооронбай Жээнбековдун ЖМКлардын жетекчилери менен болгон алгачкы  жолугушуусу жөнүндө баяндайт. Текст автордун жеке пикирин билдирет.

«Буга чейинки президент менен көрүшкөн эмесмин, жок дегенде учурдагысын көрүп калайын», — деп күлдү мага «Кактус» басылмасынын ээси Дина Маслова. Автобуста бизден тышкары дагы 40ка чукул ЖМКлардын жетекчилери жана эл аралык басылмалардын өкүлдөрү отурушат. Жолугушуунун өзү саат 11:00гө белгиленген, бирок бардыгын ага чейин — жарым саат мурда эски аянтта чогултушуп, автобус менен мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына алып кетишти.

Башында мени тизмеден таппай коюшту, бирок мага расмий чакыруу келген. Балким, аз калганда мени чыгарып коюшкандыр — мен келбей калышым мүмкүн деп эскертип койгом. Абалды Болот байке сактап калды — мен ага чакырууну көрсөтүп, жагдайды түшүндүргөндө ал мени тизмеге кошту.

Чынын айтсам мага протоколдук жолугушуулар жага бербейт: мен Атамбаевдин президенттиги башталганда бир нечесинде болуп, андан кийин өзүмдүн орун басарларымды же башка журналисттерди жөнөтүүгө аракет кылып барбай калгам. Мындай жолугушууларда негизи дароо көбүрөөк суроо берип, өзгөчө ага 50дөн ашуун адам чогулса бир нерсе жөнүндө тереңирээк сүйлөшкөнгө деле мүмкүндүк болбойт. Бүгүн президент катардагы журналисттер менен маектеше алмак, бирок, администрацияда аны жетекчилер менен гана өткөрүүнү чечишкендир. Жолугушууга чейин басма сөз кызматтын өкүлү мага жолугушуу бейформал экенин жана «Клооптон» бир гана мени көрүүнү каалап жатышканын, анткени мен башкы редактор экенимди түшүндүрүүгө абдан аракет жасады.

Эгерде кыргыз басылмаларынын башчылары жумуш тууралуу сүйлөшпөгөн учурда эмне жөнүндө сүйлөшөөрүн билгиңер келсе, анда билип алгыла — булар балдар. Балдар жөнүндө сүйлөшүү кубанычтуу, жагымдуу жана башыңа ушунчалык эскерүүлөр келет. Бул эс алдырып, маектештерди жакындатат.

Автобус мамрезиденцияга кирип токтоп, бардыгы чыга баштады: кимдир бирөөсү тамеки чеге баштаса, дагы башкасы бири-бири менен саламдашып өбүшүп, дагы башкалары жөн гана кол алышып коюшту. Эркектер аялдарды «келе жаткан майрамыңар» менен деп куттукташты. Бул абдан сонун жана кызыктуу: Жаңы жыл келе жаткандай сезилет, бирок аялдардын ортосунда гана. Мен көп деле эч ким менен учураша албадым, дээрлик бардыгын жүзүнөн эле тааныйм, бирок жеке жолугушуп, тааныша элекпиз.

Автобуста келе жатканда эле баарыбызга КППдан телефон, ноутбук жана диктофондорду кошуп, бардык техникалар алынат деп эскертип коюшкан. Айтылгандай эле болду. Биринин артынан бири темир издегич аркылуу өтүшүп, бардык аспаптарын тапшырышып, аягында бир гана калемсап менен кагаз калды. Мен жок дегенде тефонду жаныма алууга уруксат беришет деп үмүттөнгөм, бирок аны да тапшырууга аргасыз болдум (эми мен жаңы телефон сатып алышым керек — "Клоопто" коопсуздук саясаты ушундай). КППнын алдында кезекте турганда журналисттер ар нерселерди талкуулап жатышты: мисалы, менин жанымда Данияр Сыдыковдун президенттик администрацияга дайындалышы жөнүндө сүйлөшүп атышты.

Толгонай Стамалиева башында турган басма сөз кызматтын жылмайган кызматкерлери жалпы залга кире бериште өлкөнүн бардык жогорку журналисттерин тосуп, аларга келип беришкени үчүн ыраазычылык билдирип жатышты.

Жолугушууга чейин дагы бүтүндөй жарым саат бар, өзгөчө бир отургузуу схемасы деле жок. Басма сөз кызматтын өкүлдөрү каалаган орундукка отура берсе болот деп айтып жатышты. Бирок ошого карабастан бардыгы тармактар боюнча бөлүнүп отуруп калышты: радио, телевидение, гезиттер жана интернет-ЖМКлары (өзү эле ошондой болуп калды).

Kaktus Media басылмасынын ээси Дина Маслова (ортодо) Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Журналисттер залда отурганда алардын жүздөрүн кунт коюп карап, кайсы басылмалар келгенин байкоого болот. Албетте, бул жерге «24.kg» басылмасынан Асел Оторбаева, «Кактус» басылмасынан Дина Маслова жана НТСтен (өзгөчө бардык сот арыздарынын шартында) Жайнак Үсөнов келгени таң калтырбай койбойт. Негизи бирин да калтырбай бардыгын чакырышкандай туюлат — бул албетте жакшы.

Менден алыс эмес отурган Оторбаева менден Дина менен орун алмашып алсаңар болобу деп суранды, анткени алардын сүйлөшчү сөздөрү бар. Албетте болот деп жооп бердим. Андан кийин мага «Вестиден» Гладис Темирчиев басып келип, биз ал-акыбал сурашып, балдар жөнүндө сүйлөшө баштадык (балким бардыгына мен жакында эле баламдын сүрөтүн фэйсбукка жайгаштырганым жагып, ошондуктан сурап жатышкандыр).

Жолугушууга 15-20 мүнөт калганда журналисттерге президент менен саламдашуу үчүн тизилүүнү суранышты. Биринчи кыздар алардан кийин балдар. Тизилип турганда мен жолугушууга келген эркектерден абдан эле айырмаланып турганымды байкадым: бардыгы костюм шымчан, а мен свитер жана жынсы кийип келген жалгыз адам. Мейли, мени «бейформал жолугушууга» чакырышкан, ошондуктан мен досума келген сыяктуу эле кийинип алгам.

Жээнбеков залга саат 10:52де кандайдыр бир салтанаттуу музыка, гимн же «Кыргыз Республикаснын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков» деген сыяктуу расмий тааныштыруусуз эле жакшы маанайда кирип келди. Башында мен президент жалпы саламдашуу кылат деп ойлогом, бирок ал ар бири менен учурашып, ал эми аялдарга гүл тапшырып атты. Сапка тизилген аялдардын бөлүгү менен ал жакшылап учурашып, айрымдары менен кучакташып да койду. Ал эми эркектердин катарынан кол алышып өтүп, бат эле саламдашып бүттү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Саламдашуу бүткөн соң бардыгы орун ала башташты. Стамалиева иш-чараны ачып, Жээнбеков саламдашуу сөздөрүн баштады.

Башында атмосфера бир аз оңтойсуз болду — бардыгы ашыкча кыймылдап алуудан коркуп атышкандай туюлду (менин сол жагымда отурган эркектер колдорун столдун үстүнө койгон бойдон бирдей калыпта отурушту), бирок сүйлөшүү процессинде бардыгы чымырланган денелерин бошотуп, эс ала түшүштү.

Жээнбеков өз сөзүндө чындыгында эле «саясий багытына жана өздүк формасына карабастан» бардыгы чакырылганын түшүндүрүп, ЖМКларды «коомдук пикирди түзүү боюнча күчтүү курал» деп атады. Ал бир гана суроо берүү менен чектелбестен, кааалоо-тилектер менен да кайрылууну өтүндү.

ЖМКлардын маанилүүлүгү жөнүндө сөздөрдөн кийин ал алгачкы 100 күндөгү өзүнүн демилгелерин санап чыкты. Эгерде кыскача айтсак, анын максаттары: коррупция менен күрөш, шайлоо алдындагы убадаларды аткаруу, Казакстан менен жаңжалды чечүү, Өзбекстан менен кызматташуу, Путин менен жолугушуу жана Орусия менен достук, аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү маморгандарда реформа жүргүзүү.

Мага Жээнбековдун прессага карата мамилеси кызыктуу көрүндү. Президент окуп жүргөн гезиттеринин ичинен «Дело №» жана «Ачык Саясатты» белгилеп, өкмөттү жетектей баштагандан тарта интернетте макалалардын алдындагы комментарийлерди окуй баштаганын  айтты. Анын сөзү боюнча, Жээнбеков ЖМКлар менен ынтымактуу болгусу келет, бирок ошол эле учурда макалалар үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертти. «Силердин аудиторияңар менен саясий багыттарыңар ар башкача. […] Мен силерди өзүмдү, Жээнбековду эмес, мамлекетти колдошуңар үчүн чогулттум», — деди ал.

Андан соң журналисттердин суроолору башталды, Толгонай суроолор биринин артынан бири болушу үчүн кезек менен айландырып берүүнү сунуштады. Бирок демилгени менин оң жагымда отурган бирөө колго алып, райондук гезиттердин интернетке өтүшү боюнча сурады.  Суроо берип жаткан аял буга каршы экени байкалып, ал Жээнбековдон жардам сурады. Ал президенттин «райондук гезиттерди эч ким окубайт» деген жообун угуп, бир аз муңая түштү.

Башында атмосфера бир аз оңтойсуз болду — бардыгы ашыкча кыймылдап алуудан коркуп атышкандай туюлду. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жалпысынан суроолорду 25тен көбүрөөк адам бере алды, бирок суроолордун өзү эле эки эсе көп болду. Регламентке эч ким көңүл бурган жок, ал эми Стамалиева байма-бай аны сактоого чакырып, бирден гана суроо узатууну өтүнүп жатты.

Жалпысынан тема боюнча суроолор ошончолук — жооптордой көп болду. «Күрөш» жана «коррупция» өзгөчө «коррүпция менен күрөш» деген кошулма сөздөр көп айтылды.

Мен акыркылардан болуп суроо бердим — башында президенттин ишинин натыйжалуу 100 күнүн белгилеп, андан кийин УКМКнын Самарагейт тууралуу иликтөөсү кандай өтүп жатканын сурадым.  Мен экинчи суроону бергенге шашылып жатсам Жээнбеков мени суроолуу карап, биринчи суроо эмне жөнүндө экенин тактап сурады. Толгонай ага бир нерсе түшүндүрүп, ал жылмаюу менен "Самара" жөнүндө билбестигин айтты.

Залдагылар шыңкылдашып, оң тарап жакта «Иии, азыр бардыгын түшүндүрөбүз» деп тамашалап жатышты. Натыйжада президент «бардык жамандыктарды унутуп калаарын» айтты. Мен дароо ага Роза Отунбаева айткан «КСДПга теңдеш саясий күч түзүү» боюнча эмне деп ойлойт деген экинчи суроомду узаттым. Ал суроого «Мен КСДПда эмесмин» деген эң кыска жооп алдым.

«Би-би-би» басылмасындагы Гүлнара Касмамбетова кезекте үчүнчү болуп турган. Ал коммунизм алдындагы үмүттөр тууралуу чоң монолог баштап (ошол учурда бардыгы бири-бирин карап калышты), аягында тышкы саясат боюнча суроого өттү. Жооптордон улам Жээнбековдун тышкы саясаттагы артыкчылыктары белгилүү болуп калды. Ал багыттарды мындай санап берди:

1. Борбор Азия боюнча коңшулар

2. Орусия

3. ЕАЭБ

4. Түркия, Жапония жана башка өлкөлөр

Биринчи чагым суроону «24.kg » басылмасынан Асел Оторбаева узатты. Ал Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде күч тузүмдөрүн сынга алып, коррупция менен күрөш жөнүндө жарыялагандан кийин ага берилген ишеним насыясын жоготуп алуудан коркпойбу жана бул күч түзүмдөрү өз-өзүлөрү менен кантип күрөшө алышат деп сурады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент бул үчүн айрым мыйзамдар 2019-жылы гана иштеп баштаарына карабастан, коррупция менен күрөшүү боюнча иштер жүрүп жатат деп жооп берди. Ал эми эгерде кандайдыр-бир күчтүү катачылыктар болсо укук коргоо органдарынын кызматкерлери кетирилет деп билдирди.

Жалпысынан алганда окшош суроо жооптор  көп болду, кээде суроонун өздөрү кызыктуурак болуп атты — мисалы, узун монологдор, жардам суроо өтүнүчтөрү, реформа боюнча сунуштар жана башка суроолор болду. Эгерде Жээнбековдун жооптору боюнча сөз кылса турган болсок, анда эң кызыктууларын баяндайбыз:

• Экология инвестицияга караганда маанилүү, бирок инвестор тарабынан экология зыян келтирилип жатканын адистер далилдеши керек. Бул жөнүндө кайсы бир эки үч адам айта албайт.

• Сотторго каршы сын-пикирлер — бул саясатчыларга эмес, жөнөкөй жарандарга карата адилетсиз сот чечимдери. Жөнөкөй жарандар адвокат жалдай алышпайт жана аларды өзгөчө узак мөөнөткө соттошуп, кылмышкерлерди бошотушууда.

• Мен сөз эркиндигин чектөөнү көздөгөн жокмун, бирок Кабай Карабековго каршы арыз — бул башка маселе. Карабековду — мен 1995-жылдан бери тааныган мыкты жана адискөй журналист, бирок ал ошондой эле, саясатчы да. Карабеков мени экстремист кылып салды, а мен эмне экстремистминби? Бул ар бирине сабак, мынтип жалаа жаппаш керек, бирок сөз эрикиндиги да болушу шарт.

• Келечек парламенттик өлкөдө. Парламенттик системаны өнүктүрүү зарыл.

• Путин — экономика менен өлкөнү бекемдеген Орусиядагы шайлоодо жалгыз талапкер. Эсиңердеби Путинге чейин өлкө кандай болгонун? ЕАЭБ — бул анын эмгегинин үзүрү. Мен анын шайланышын каалайм.

• Кириллицадан латын арибине өтүү — бул Казакстандын иши. Мен президент болуп турганда биз мындай кылууну көздөбөйбүз.

• Кыргызстандын түштүгүндөгү база боюнча маселе чечиле элек.

• Кыргызстанды бириктирген идеология — бул эл ишене турган таза жана ачык айкын бийлик.

• Тарыхты эч ким жазбашы керек, ал чындыкка жакын болушу шарт.

• Аймактарды өнүктүрүү — бул компанейщина эмес. Комиссия 1-апрелге чейин сунуштамаларын бериши керек. Акимдерди ротациялоону жүргүзүү эртелик кылат.

• Фарид Ниязов — жакшы мамлекетчил, бирок ал бир апта мурун кетүүнү каалап жатканын айтты. Мага өзү келип айтты бул жөнүндө, мен ага бир апта убакыт бердим. Бирок эгерде ал кеткиси келсе — бул анын укугу. Ыйык орун бош калбайт. Эртең ал менен жолукканда бардыгы белгилүү болот.

• «Самара» тууралуу билбейм. Бардык жамандыктарды унутуп калам.

• Биз аткаминердердин декларацияларын текшере баштадык, бирок ал жакта жумуш көп.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Суроо-жооп форматы аяктагандан кийин Жээнбеков өз бир туугандары жөнүндө айтты — ал «туугандарына кызмат ордун сурабоону» убада кылды. Ал өзүнүн бардык ага-ини, эже-карындаштарын атап, алардын ар бири эмне кылаарын айтып берди. Ага-инилери — элчи жана депутат. Эже-карындаштары — врачтар жана пенсионерлер. Ал айрым эже-карындаштарынан эске албаганда дээрлик бардыгы жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун акырында Жээнбеков өзүнө иштөөгө дагы мүмкүнчүлүк берүүнү суранды — бул 6 же 9 ай убакыт. Анын натыйжасында ЖМКлар менен дагы бир жолугушуу өтөт. Сөзүн жыйынтыктап жатып иш-чаранын алдында абдан толкунданганын кошумчалады.

Андан кийин түшкү тамактануу башталып, ал жерде мен ЖМКлардын дагы бир нече жетекчилери менен тааныштым. Мени менен кошо бир столдо «Азаттык» басылмасынан Айзада Касмалиева, «Би-би-си» басылмасынан Гүлнара Касмамбетова (качандыр бир кезде «Вестиде» иштеген) жана эгерде жаңылышпасам «Марал» радиосунун өкүлү Мария Озмитель  отурушту.

Столдо отургандардын бардыгы президенттин аракеттери менен көздөөлөрү кубатташып, эң башкысы, бардык демилгелер аткарылышы керек, анткени, эч нерсе аткарылбаса анда бийик сөздөрдүн мааниси жок болуп калат деп жатышты.