УКМК «Электр станциялар» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармады

Алмаз Жусупбеков. Сүрөт: «Кабарлар»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «Электр станциялар» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармашты. Аны Бишкектин жылуулук борборундагы авариянын айынан козголгон кылмыш иши боюнча камакка алышты.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, учурда Жусупбеков атайын кызматтын тергөө изоляторуна жайгаштырылган.

Басма сөз катчы Жусупбеков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча кылмыш ишине байланыштуу кармалганын кошумчалады. Бирок Сулайманов Жусупбеков тагыраак эмнеге шектелип же айыпталып жатканын тактап берген жок.

Бул «Электр станциялар» ишканасынын кызмат адамы кармалган экинчи учур. 3-мартта УКМК ишканын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди камакка алган. Ал өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын уурдоого айыпталган.

УКМК станцияда текшерүүнү 29-январда ЖЭБдеги авариянын айынан баштаган. Атайын кызмат текшерүүнү «антитеррористтик иш-чаралар» менен түшүргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: