Эмне үчүн өкмөткө «Кумтөрдүн» миллиондогон доллары менен «Онкологиялык кызматты колдоо фонду керек»? Түшүндүрөбүз

Онкология ооруларын даарылоо үчүн ырааттуу тездеткич. Иллюстративдик сүрөт

Канаданын алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясы Кыргызстанда онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүгө 10 млн доллар бөлдү. Өкмөт бул каражаттарды башкаруу үчүн атайын фонд түздү. Парламенттин депутаттары бул акчалар бюджетке түшпөй калганына нааразы болушууда. Өкмөт бул фонд эмне үчүн керек экенин жана ал кандай иштей турганын түшүндүрдү.

Эмне болгон?

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров жана Айсулуу Мамашова 5-мартта Эсеп палатасынан өкмөт тарабынан түзүлгөн «Онкологиялык кызматты колдоо фондун» текшерүүнү суранышты. Бүгүнкү күндө Канаданын алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясы анын эсебине 7 млн доллар которуп койгон, ал эми дагы 3 млн долларды кийинчерээк которот.

Депутаттардын айтымында, бул акчалар казначейство аркылуу өтпөстөн, жеке банктын эсебине түшүп калган.

«[…] бул акчалар бюджеттик болуп эсептелеби же жокпу? Маморгандын алдында коомдук фонд түзүү — бул туурабы?», — деп суроо салды Мамашова.

Депутаттардын билдирүүлөрүнөн кийин бул маселе дароо эле коомдук тармактарда жигердүү талкууга алына баштады. Коомдук желелердин колдонуучулары өкмөт эмне үчүн бюджеттик акчаларды онкологиялык оорулуулар үчүн жабдыктарды сатып алууга эмес ыктымал өзүнүн административдик чыгымдарына жумшаган коомдук фондду түзгөнүнө таң калып жатышты.

«Эми долларлардын жарымы бул фондду тейлөөгө, бул фонддо иштегендердин маяналарына, кагаздарды, иш техникасын, эмерек сатып алууга, кеңесенин ижара акысына, автоунааларга, күйүүчү майга жана башкаларга кетет», — деп жазган фейсбуктун колдонуучусу Улан Жумаков.

Ошондой эле, колдонуучулар фонддун ишин Эсеп палатасы текшере албасына нааразы болушкан, анткени ал — мамлекеттик түзүм эмес.

Деги эле бул эмне фонд жана эмне себептен «Кумтөр» ага акча которот?

Кыргызстан Канаданын «Кумтөр» компаниясы менен 2013-жылы алтын өндүрүүчүлөр «экологияга зыян» тийгизишкени үчүн соттошо баштаган. Кыргыз тарап компаниядан 7 млрд сомдон ашуун кун төлөп берүүнү талап кылган.

Бирок «Кумтөр» мындай шарттарга көнбөй коюп, соттор 2017-жылдын сентябрына дейре созулуп кеткен. Анда Кыргызстандын бийлиги менен «Кумтөрдүн» жетекчилиги бардык доо арыздарын чакыртып алуу боюнча макулдашышып, жаңы келишимге кол коюшкан.

Жаңы келишимге ылайык, Канаданын компаниясы Ысык-Көлдүн жээгинде жаңы заманбап суу тазалоочу түтүктөрдүн курулушуна жана Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 млн доллар бөлүп берүүнү убада кылган. Мындан тышкары, «Кумтөр» компаниясы алтын өндүрүшү айлана чөйрөгө тийгизип жаткан зыяны үчүн жыл сайын төлөнчү экологиялык төгүмдү көбөйткөн. Эгерде мурда компания жыл сайын 310 миң доллар төгүп турган болсо, эми 3 млн доллар төлөп турат.

Мындан тышкары, канадалыктар өлкөдөгү Онкологиялык борборду техникалык жабдуулоого 10 млн АКШ долларын бөлүп берүүнү убада кылышкан. Дал ушул каражаттарды башкаруу үчүн өкмөт «Онкологиялык кызматты колдоо фондун» түзгөн.

Ошентсе да эмне үчүн түзүлгөн бул фонд? Эмне үчүн бул акчаларды өлкөнүн бюджети аркылуу өткөрүүгө болбогон?

Өкмөттүн басма сөз кызматы фонд түзүүнүн башкы себеби Канаданын антикоррупциялык мыйзамдары компанияларга башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүн түз каржылоого тыюу салганында деп айтууда.

Өкмөттө «Кумтөр» фондго 7 млн доллар которуп койгонун жана дагы 3 млн долларды кийинчерээк котороорун айтышууда. Бул акчалар Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын (KICB) эсебинде сакталууда. Эгерде сиздер бул банк кимге таандык экенин билүүнү кааласаңыздар, анда биздин материалдан окуңуздар.

Фондду курамына парламенттин депутаттары жана жарандык активисттер кириши мүмкүн болгон Байкоо кеңеши башкарат. Фондду жыл сайын аудиторлор текшерип турушат жана жалпысынан ал Кыргызстандын коррпцияга каршы күрөш боюнча мыйзамдарына баш иет. Фонддун башчысы Нургүл Аднаева ал башка маморгандар сыяктуу эле иштеп, ошол эле мыйзамдарга баш иет деп айтууда.

Анын айтымында, фонддун кызматкерлери коомдук башталыштарда иштешет, ошондуктан алар өлкө бюджетинен же «Кумтөр» бөлгөн каражаттардан маяналарды алышпайт.

«Иштеп баштай электе эле бизди сынга алып, талкууга сала башташты. Коомдук тармактарда калп, жалган жалаа жазышууда — акчанын бардыгы бир тыйынга чейин онкологиялык ооруларды даарылоого жумшалат», — деди ал.

Ошондо бул фонд онкологиялык кызматты кантип колдомой болду?

Ал онкологиялык ооруларды даарылоо үчүн жабдыктарды сатып алып турат.

Фонд 25-январда мамлекеттик сатып алуулар сайтында жалпысы 376 млн сомду түзгөн тендер жайгаштырган. Фонд эки ырааттуу тездеткичти (ред — Линейный ускоритель) 280,5 млн, ал эми МРТны (ред — магнитно-резонансный томограф) 76,6 млн сомго сатып алмакчы. Булардан тышкары, фонд беш дем алуучу аппарат жана 16 көп функционалдуу керебет сатып алат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү 30-мартта белгилүү болот.

Нургүл Аднаева фонд Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан негизделген, ошондуктан ал мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерлерди жайгаштыра алат деп түшүндүрдү. Мисалы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) да тап-так ошондой иштейт.