«Электр станциялар» ишканасы Бишкек ЖЭБи эмне себептен тендерсиз жаңыланганын түшүндүрдү

Бишкек ЖЭБи

«Электр станциялар» ишканасынан электроэнергия жөнүндө мыйзам Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) тендер өткөрүүсүз эле жаңылоого мүмкүндүк берээрин түшүндүрүштү. Станцияда болгон авариядан кийин парламенттин депутаттары ЖЭБдин тендерсиз жаңыланганын иликтөөнү талап кылышкан.

«Электр станциялар» ишканасынын өкүлдөрү «Тазабек» басылмасына билдиришкендей, алар Бишкек ЖЭБиндеги жаңылоону «мыйзамдуу» өткөрүшкөн.   

«Тийиштүү маморгандар Улуттук энергетикалык программанын негизинде ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын курууну тендерсиз жүзөгө ашырууга укуктары бар», — деп келтирди ишканынын сөздөрун «Тазабек» басылмасы.  

Буга чейин өкмөт Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн Кытайдын TBEA компаниясы менен келишимди тендер өткөрүүсүз эле түзгөнү жана ошондой эле, компания техникалык-экномикалык негиздеме жана бюджет боюнча кененирээк маалымат бербегени аныкталган.

Эл өкүлү Кожобек Рыспаев техникалык-экономикалык негиздемедеги мөөрлөр менен кол белгилер келишим түзүлгөндөн кийин гана коюлганын айтып чыккан.

«Мен ТВЕА менен келишим түзүүгө каршы чыккам. Мен ошондо долбоордун техникалык-экономикалык незиздемеси жок жеке компания тартылганын, өз кезегинде бул эл аралык жоболорго каршы келет экендигин айткам. ЖЭБ реконстркция болгонуна карабастан, биз азыркыга чейин отчет ала элекпиз», — деп билдирген Рыспаев.

Ошондон кийин депутаттар Бишкек ЖЭБин жаңылоого кеткен чыгымдарды изилдөө үчүн парламенттик комиссия түзүшкөн. Ал эми ага 386 млн АКШ доллары кеткен. Бул каражаттарды насыя катарында Кытай берген жана Кыргызстан бул акчаны 20 жылдын ичинде кайтарып бериши керек.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармаган.


ТЕМА БОЮНЧА: