Жалал-Абад: 250дөн ашуун адам алтын өндүрүүчү фабрикага каршы митингге чыгышууда

Сүрөт: Даниль Усманов

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Казарман айлында 250дөн ашуун жергиликтүү тургун Макмал кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы митингге чыгышты. Жергиликтүүлөр ишкана экологияга зыян тийгизет деп эсептешет.

Жалал-Абад районунун Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы митинг өттү.

Жергиликтүүлөр «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алар фабрика экологияга зыян тийгизет деп коркушууда.

Тогуз-Торо районунун борборундагы Казарман айлындагы митингге 250дөн ашуун адам келишкен. Нааразы болуп жаткан тургундарга сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөттүн жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү чыгышкан.

Казармандын тургундары буга чейин эле алтын казуучу ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышып, 1-мартта алар анын аймагына да кирип барышкан. Комбинаттын жабдыктары жаыркаган эмес.

Алтын казуучу комбинаттын өкүлдөрү жергиликтүүлөрдүн экология зыян тийгизет деген кооптонууларын негизсиз деп эсептешет.

«Жи Эл Макмал» компаниясынын директору Максат Жээнналиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде комбинаттын иши экологияга зыян тийгизбейт деп билдирген.  

«Технологияга ылайык, биз ал жерде кен байлыктарын иштетпейбиз. Биз болгону байытылган концентраттарды гана иштетебиз. Бул таза технология, анткени кайра иштетип чыгуу башка жерлерде болот. Учурда концентрат чет өлкөгө чыгарылууда», — деп билдирген ал.

«Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясы алтын өндүрүүчү ишкананын курулушун «Макмал» комбинатынын аймагында 2017-жылдын сентябрында баштаган жана курулушту 2018-жылдын жай мезгилине чейин бутүрүүнү пландап атат.


ТЕМА БОЮНЧА: