Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош автожолу убактылуу жабык деп билдирди.

Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайында 11-март күнү түштө эки ирет кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» билдиргендей, 2500 метр куб көчкү саат 15ке карай дээрлик тазаланган.

«Тазалоо иштерине үч техника тартылып, кар көчкү дээрлик тазаланып бүттү. Көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу учурда Бишкек — Ош жолу убактылуу жабык», — деди Шерипова.

Басма сөз катчынын айтымында, мындан улам «Арал», «Сосновка», «Өтмөк» постторунан жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду.

Шерипова автомобилдерге коюлган чектөө качан алынаары белгисиз экенин кошумчалады.


ТЕМА БОЮНЧА: