Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды

Ашыр Чокубаев. Сүрөт: Перизат Сабинова. Бишкекчанка журналы

11-март күнү эртең менен Кыргызстандын Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды. Кыргыз-казак тасмаларындагы ролдору менен белгилүү актер узакка созулган оорудан улам 71 жаш курагында кайтыш болгон.

«Көчмөндөр», «Курманжан датка» жана «Ак илбирстин тукуму» тасмаларындагы ролдору менен белгилүү Ашыр Чокубаев 11-март күнү узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.

Анын баласы Адыл Чокубаевдин айтымында, актер оорусу менен беш жыл аралыгында күрөшкөн.

Ошол эле маалда Ашыр Чокубаев тасмаларга тартылууну уланткан — ал образ жараткан акыркы тасмалардын бири 2015-жылы жарык көргөн «Аманат» киносу болгон. Бул казак фильминде Чокубаев Манафа Сейдоглунун образын жараткан.

«Мен жакшы көрүнүүгө милдеттүүмүн, оорулуу жана карып калган абышканы көрүү кимге эле кызыктуу болсун?», — деп айткан Ашыр Чокубаев басылмалардын бирине курган маегинде.

Кыргыз Эл артисти 71 жаш курагында дүйнө салды. Чокубаев 70 жылдык мааркесин декабрда белгилеген.

Чокубаев Бухаранын эмирин ойногон «Курманжан датка» фильминен кадр.

Чокубаев театр кызматкерлеринин үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын апасы театрда эмгектенген, ал эми атасы Назарбек Чокубаев белгилүү артист болгон.

Чокубаев өзүндө башка тандоосу деле болбогонун айткан. Ал театр кызматкерлеринин үй-бүлөөсүндө чоңоюп, бала кезинен тарта эле исскуство чеберлеринин чөйрөсүндө өскөн.

Ал Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтун бүтүрүп, кыргыз телевидениесине жумушка орношконго үлгүрүп, андан соң «өз үйүм» деп атап жүргөн театрда эмгектенген.

Алгачкы жолу Чокубаев киного 1968-жылы кыска метраждуу «Парижге жол» тасмасына тартылган, ал эми өзүнүн эмгеке жолунда жалпысынан 30га чукул советтик, кыргыз жана казак тасмаларында роль жараткан.

«Мен Кыргызстанда жана Казакстанда эмнени кааласам ошонун бардыгына жетиштим, кинодо да, театрда да иштедим. Балдарым, неберелерим бар, үй курдум, ал эми аялым менен 40 жыл бактылуу өмүр сүрдүм. Жашоо ойдогудай болду!», — деп айткан актер өзүнүн акыркы маектеринин биринде.