Өкмөт мектептерде каржылык сабаттуулук боюнча сабактарды киргизүүнү пландап жатат

Кыргызстандын Улуттук банкы Билим берүү министрлиги менен биргеликте мектеп программасына каржылык сабаттулук боюнча сабактарды кошууну пландап жатат. Учурда бийлик мектеп пособияларын иштеп чыгууда.

Улуттук банкка караштуу Каржылык сабаттулук боюнча сектордун башчысы Эмир Болотбеков «Клоопко» курган маегинде учурда мектеп программасына каржылык сабаттулук боюнча сабактарды киргизүү пландалып жатканын айтты.

«Биз каржылык сабаттулук боюнча бир нече тема болушу үчүн "Адам жана коом" сабагына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатабыз. Учурда 4-5 тема жөнүндө ойлонуп атабыз. Ошол эле маалда 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн мектеп пособиясын түзүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз, ага башка багыттар боюнча да темалар кирет», — деди ал.

Болотбеков кошумчалагандай, Билим берүү министрлиги жаңы сабактарды Кыргызстандын бир нече мектептеринде пилоттук долбоор катары киргизип баштайт, бирок ал тагыраак кайсы мектептер экенин айткан жок. Материалды чыгараар алдында Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, азыр өкмөттө курс кичинекей балдарга гана эмес, чоң балдар үчүн да иштелип жатат.

«Үйрөнө турчу нерселер бар. Мисалы, адам эгерде насыянын алуучусу өзү эмес болсо, үйүн күрөөгө коюунун кереги жок экенин же болбосо оозеки макулдашууга гана ишенип, документтерди тууралабай туруп эле биргеликте иш жүргүүзүүгө болбостугун түшүнүшү керек», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Абдыгуловдун айткандарын.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, калктын каржылык сабаттулугун жогорулатуу боюнча программа 2020-жылга чейин иштелип чыгышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: