«Тез жеттин» дагы бир учагы Баткенге жетпей кайра Бишкекке конду

Бишкектен Баткен шаарын көздөй учкан «Тез жет» авиакомпаниясынын дагы бир учагы «Манас» аэропортуна конууга мажбур болду. Учак тумандан улам Баткенге коно албай калган.

13-март күнү саат 11:26да Бишкектен Баткенди көздөй учкан самолёт 12:32де кайра «Манаска» конууга мажбур болгон.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова учак тумандан улам учак Баткен аба майданына коно албаганын айткан.

«"Тез жет" компаниясына таандык учак абада бир саат алты мүнөт жүргөн», — деп жазды «Азаттык» үналгысы www.flightradar24.com сайтына таянуу менен.

Буга чейин 1-март күнү «Тез жет» авиакомпаниясынын Бишкек — Баткен багытындагы RG-85 учагынын кыймылдаткычы иштен чыгып, жарым сааттан соң «Манас» аэропортуна ийгиликтүү конгон. Анда самолёттогу 96 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган эмес.

Окуядан кийин жарандык авиация агенттиги иликтөө комиссиясын түзүп, ал эми Ички иштер министрлиги коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Тез жет» Бишкектен Баткенге жүргүнчүлөрдү ташыган өлкөдөгү жалгыз авиакомпания.


ТЕМА БОЮНЧА: