Жалал-Абад облусу: Чек арачы «кокустуктан» атылган окко учту

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек ара кызматынын аскери «кокустуктан» өзүнүн бирге иштешкен кесиптешин атып алган, ал ооруканага жетпей көз жумган.

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, 13-мартта аскер кызматкери ок атуучу куралдан жарадар болуп, көз жумган.

«Эки аскер кызматкери чек арадагы нөөмөтү аяктап кайтып келе жатышканда алардын бирөөсү кокустуктан жанындагы кесиптешин атып алган. Ал ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иш алып барып, тергөө амалдары жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: