Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору: «Жаңыртууга 250-260 млн коротулган»

ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу. Сүрөт: «Спутник»/Табалды Кадырбеков

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) экс-директору Нурлан Өмүркул уулу билдиргендей, станцияны жаңыртууга жарыяланган 386 млн доллардын ордуна 250-260 млн доллар кеткен. Ошондой эле, ал өзүндө станцияга керектүү шаймандар жогорулатылган баада сатылып алынганы боюнча далилдер бар экенин билдирди.

Маалымат саат 17:00дө жаңыртылды.

Өмүркул уулу 15-мартта билдиргендей, Бишкек ЖЭБин жаңыртууга 250-260 млн доллар сарпталган. Бийлик болсо расмий түрдө анын баасын 386 млн доллар деп жарыялаган.

«90 пайызы жогорулатылган. Мисалы, Видеокамералар, аттиштер, газ ачкычтары, шакекчелер. 386 млн доллар бөлүнгөн. Менин пикирим боюнча, жаңыртуу арзаныраак болмок. Мен 386 млн долларга чыгыш үчүн баалар жогорулатылган деп ойлойм. Коңшу өлкөлөрдө курулуп жаткан станцияларга салыштырмалуу арзан болушу керек болчу деп ойлойм», — деди Өмүркул уулу.

Ал билдиргендей, товарлар жогорулатылган баада сатылып алынганы жөнүндө билген эмес, анткени ЖЭБ финансылык келишимдерге жооптуу эмес болгон.

«Бардык финансылык суроолорду "Электр станцияларга" бергиле. Мен аварияга чейин аттиштер 320 доллар турганын билген эмесмин. Мен болгону 386 млн деп көрсөтүлгөн жалпы сумманы көргөм [...] Мага жакында эле эки аттиш 640 долларга сатылып алынганын далилдеген документтер келип түштү», — деди Өмүркул уулу.

Өмүркул уулу учурда тергөө жүрүп жатканына таянып, товарлардын жогорулатылган баада сатылып алынганына күнөөлүүлөрдүн ысымдарын атаган жок.

«Күнөөлүү деп аталгандар ЖЭБде мен сыяктуу эле 20-30 жыл иштегендер. Мени ушул нерсе нааразы кылды. Президент коррупция менен күрөштү баштады, ошондуктан мен бардыгын коомчулукка айтып берүүнү чечтим», — деп түшүндүрдү ал.

Өмүркул уулу станциядагы авария курулуп бүтө элек химиялык цехтин айынан болгонун кошумчалады.

«Жетекчиликтен жаңыртууга көлөкө түшпөсүн деген буйрук болгон. Бирок фамилияларын атай албайм», — деди ал.

Материалды чыгараар алдында «Электр станциялар» ишканасынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 492 млн 466 миң доллар төлөп бериши керектигин маалымдашты. Насыя Кыргызстанга 2014-жылы берилген.

«Насыяны төлөө мөөнөтү 20 жылды, ал эми анын пайыздык чени 2 пайызды түзөт», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ошентип Кыргызстан 2034-жылга алынган насыяны жабыш үчүн аталган банкка 106 млн 466 миң доллар өлчөмүндө үстөк пайыз төлөп бериши керек.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармаган.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: