Көчкүдөн кийин Бишкек — Ош жолу ачылды

Чычкан капчыгайына 13-мартта түшкөн 2,5 млн куб метр кар көчкүдөн улам убактылуу жабылган Бишкек — Ош жолу 16-март күнү ачылды.

Бишкек — Ош жолу толук ачылганын Жол транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Бегайым Канат кызы «Клоопко» билдирди.

«Автожол 16-март күнү саат 17:10го карата толук ачылды», — деп маалымдады басма сөз катчы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» билдиргендей, Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү толук тазаланып бүткөрүлгөн.

«Учурда ар бир беш унаа 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө», — деди Шерипова.

Чычкан капчыгайына 13-мартта түшкөн 2,5 млн куб метр кар көчкүнүн 144 миң куб метри унаа жолун тосуп калган. Көчкүнү тазалоо иштерине 11 техника, 41 куткаруучу тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: