Сын-пикирлерден улам КТРК «Салам Кыргызстан» берүүсүн эфирден алды

Коомчулуктун сын-пикиринен улам Коомдук биринчи канал «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүн эфирден берүүнү токтотту. КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков берүү жаңы форматта эфирге чыгаарын билдирди.

Интернетте «Салам Кыргызстан» берүүсүнө чакырылган ырчы Клара Алибекова жана каймана ысымы «Чыпалак баатыр» деп аталган балбан Зарлыкбек Аликенов тууралуу видео тараган. Анда алып баруучулар эфирдин конокторун «шылдыңдап» жатканын көрүүгө болот. Мындан улам интернет колдонуучулары «Салам Кыргызстан» берүүсүнүн алып баруучуларын сынга алган.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков «Клоопко» билдиргендей, «Салам Кыргызстан» берүүсү коомдук тармактын колдонуучуларынын жана көрармандардын нааразычылыгынан улам эфирден алынды. Анын айтымында, берүүгө келген конокторду талкуулоо бөлүгү сценарийде болгон эмес.

«Бул ойлоп-табуучулук [...] Келген коноктор аларды талкуулап, «сөз кылышын» алдын ала билишчү экен. Биз карап чыктык, алып баруучуларыбыз бир аз парасаттуураак болушу керек деп эсептейм. Кишинин дене түзүлүшүнө баа берүү туура эмес», — деди Карыпбеков.

«Салам Кыргызстан» берүүсүнүн продюсери Канат Култаев программанын баштапкы концепциясы ушундай эле форматта болгонун «Клоопко» маалымдады. Анын айтымында, берүүнү алып барууга куудул аялдар атайын тандалып алынган.

«Берүүнүн аягындагы “ушак” деген рубрикасы — конокторго тийишип сүйлөчү жери программанын концепциясында бар болчу. Башынан эле куудулдарды элдин көңүлүн ачсын деген максат менен тандап алганбыз. Илгертен куудулдар чымчый сүйлөп келишкен, бул ошондой эле формат болчу», — деди ал.

Култаевдин айтымында, бул көрсөтүү негизи айыл-аймактагы көрүүчүлөргө, үй кожойкелерине, улуу курактагыларга багытталган берүү.

«Программа айрым адамдарга жагат, кээ бирлерге жакпайт. Аны биз билебиз. Бирок, берүү кайсы бир деңгээлде элдин маанайын көтөрүп жаткан деп айта алабыз. Буга чейин жетекчилик кийген кийимдер, сүйлөө манерасы боюнча сын-пикир айтчу. Биз аны өзүбүз деле алып баруучуларга айтчубуз. Эми көрсөтүү кызыктуу болсун деп аракет кылчубуз. Эл ар кандай кабыл алат экен да», — деди продюсер.

Коомдук биринчи каналдын башчысы Илим Карыпбеков «Клоопко» курган маегинде «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүн «жакшы көрсөткүчтөгү жаман эмес берүү» деп токтолду. Карыпбеков каналдын көркөм кеңеши программанын концепциясын карайт экенин жана берүү башкача форматта иштелип чыгаарын кошумчалады.

«Салам Кыргызстан» берүүсү 2016-жылдын май айында эфирге чыккан. Берүүнү үч адам: Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова жана Санжар Мыкыев алып барчу.

Авторлошу: Рустам Халимов


ТЕМА БОЮНЧА: