Иса Өмүркулов мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Иса Өмүркулов

КСДПнын лидери өкмөткө мамлекеттик мекемелер арзан кызматтарды тандап албашы үчүн мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга чакырды.

Өмүркуловдун айтымында, иштеп жаткан мыйзам боюнча мекемелер кымбат эмес кызматтарды сатып алуусу керек болгону иштин сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

«Андан тышкары, тендердик комиссиянын мүчөлөрү товардын же кызматтын сапатына артыкчылык берүүдө укук коргоо органдары тарабынан артынан түшүүгө объект болуу коркунучунда турушат», — деди ал кылмыштуулук менен күрөшүү жана Кыргызстанда бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча отурумунда.

КСДПнын лидери билдиргендей, мындай мамиледен улам «мамлекеттик ишканалар тендер өткөрүүдө коркушат».

«Акча саясаты эмес, сапат негизги критерий болушу керек», — деди Өмүркулов.

Буга чейин мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгондугуна байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголгон.

Мисалы, 2018-жылдын 3-мартында атайын кызматтар «Электр станциялары» компаниясынын башкы директорунун мурдагы орун барасы Бердибек Боркоевди кармашкан. Ал ири суммадагы акча каражатын чыгарууга жана уурдоого шектелген.

УКМКдан маалымдашкандай, ЖЭБди оңдоо иштери боюнча тендер мыйзам бузуулар менен өткөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, оңдоп-түзөө иштерин жүргүүзүүгө жалданмачы менен түзүлгөн келишим жасалма болгон, ал эми оңдоо иштери Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) өз күчүнө жүргүзүлгөн.

Аталган факттын негизинде «Өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу», «Тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу», «Ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.    

Депутаттар мурдараак деле мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келишкен.

Өткөн жылдын мартында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаттар Мирлан Бакиров жана Бакыт Төрөбаев, ошондой эле, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө чакырып, айыл өкмөттөрүн мамлекеттик сатып алуулар үчүн 700 миң сомго чейинки тендерлерди өткөрүүдөн бошотууну сунушташкан.   

Анда депутаттар айыл жергесинде мамлекеттик кызматкерлерге «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамын аткаруу жарык жана интернет менен байланыштуу көйгөлөрдөн улам кыйынчылыкка тураарын айтышкан.