Бийлик Бишкектин борборун маршруттук таксилерден арылтууну канча жолу убада кылган?

Вице-премьер Аскарбек Шадиев 2018-жылдын башында Бишкектин борбору сентябрга чейин бошотулуп, алардын ордуна шаарда жаңы автобустар жүрө баштаарын билдирген. Калаанын борборун маршруттук таксилерден арылтуу жаңы убада эмес жана ал биринчи эле жолу айтылган жок.

2009-жыл, сентябрь: «Маршруттук таксилердин доору бүттү» — Түлеев

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев шаардын борборун маршруттук таксилерден бошотуу керекти жөнүндө 2009-жылы эле айтып чыккан — анын айтымында, ал үчүн 1200 автобус керектелет.

Ал маршруттук таксилердин айдоочуларына автобуска отуруп, мамлекетке иштөөнү сунуштаган. Бирок, ал бул кыйынга тураарын кошумчалаган, анткени маршруттук таксилердин айдоочулары «өздөрүнө иштеп көнүп алышкан».

2012-жыл, июнь: «Кошумча 600 троллейбус керектелет» — Өмүркулов

Мурдагы жылы Бишкек мэринин кызматын ээлеп турган Иса Өмүркулов 2012-жылдын июнунда калаанын борборун маршруткалардан бошотуу үчүн кошумча 600 троллейбус керектигин айткан. Ал түз эле шаарды транспорнттун бул түрүнөн бошотууну убада кылган эмес, бирок троллейбустар «экология жактан алып караганда максаттуураак» экенин айткан.

2015-жыл, январь: «Бишкек транспорттук коллапска жакындап калды» — Оторбаев

Экс премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2015-жылдын январында калаа борборунан маршруткаларды алып салып, ичи кененирээк автобустарды киргизүүнү сунуштаган. Оторбаев «шаар жөн гана кыйынчылыктарга эмес, транспорттук коллапска жакындап калды» деп билдирген.

2015-жыл, март: «2017-жылдан тарта шаар көчөлөрүндө маршруткалар калбайт» — Кулматов

Кубанычбек Кулматов Бишкек мэри болуп турган кезде 2017-жылдын мартында Бишкектин жолдорунда 2017-жылы маршруткалар болбостугун убада кылган.  Ал маршруттук таксилер көйгөйүн чечүү үчүн жеке жүргүнчү ташуучу компаниларга мэрия кылып жаткандай эле автобустарды лизингге алууну сунуштаган.

2017-жыл, январь: «Марштуткалар үч жыл аралыгында алынат» — Ибраимов

2017-жылдын январында Бишкектин мэри Албек Ибраимов бийлик маршруттук таксилерди шаардын борборунан үч жылдын аралыганда алып салаарын айткан. Анын айтымында, маршруттук таксилердин ордуна кытайлык насыянын эсебине сатылып алынган автобустар менен троллейбустар келет.

2018-жыл, январь: «Бишкектин борборунан маршруттук таксилер күзгө чейин алынат» — Шадиев

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2018-жылдын январында Бишкектин борборунан маршруткаларды 2018-жылдын сентябрына чейин алып салууну убада кылган. Анын айтымында, бул жылы бийлик газ менен жүргөн 350 автобус сатып алат.

Жаңы транспорт калаанын борборунда катташы керек. Бийликтин идеясы боюнча, бул маршруттук таксилерди шаардын чет жакасына чыгарууга мүмкүндүк берет. Жаңы автобустарда майыптыгы бар адамдар үчүн шарттар каралып, электрондук билеттер киргизилет.