Күндүн саны: Коргоо министрлиги мамлекеттик казынага канча зыян келтирген?

Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү жана «Аскер курулуш» мекемесинин кызматкерлери мамлекеттик казынага 37 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Коргоо министрлигинин эсебине 2015-жылы өлкө казынасынан 70 млн сом которулган. Бул каражат стратегиялык аскер объекттерин оңдоп-түзөөгө жана мамлекетти коргоо багытына жумшалышы керек болгон.

Аскер прокуратурасынын текшерүүсүнөн кийин Коргоо министрлиги, анын алдындагы бөлүмдөрү жана «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы каражатты «өз билемдик менен короткондугу» аныкталган.

«Казынадан бөлүнгөн каражаттын 37 миллион сому мыйзамсыз коротулган жана акчаны колдонуу максаты өз билемдик менен өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Ошондой эле материалдык мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алышкан», — деп «Клоопко» маалымдады Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдыраманов.

Абдыраманов кошумчалагандай, аталган 37 млн сомдун 9 миллион сому курулуш материалдарын атайын кымбаттатуу жолу менен «кымырып» алынган.

Аскер прокуратурасы аталган факттын негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиешелүү кызматкерлерине жана бөлүмдөрүнө «Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз коротуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен 16-мартта кылмыш ишин козгоду.

Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн учурда Башкы прокуратура айыпталуучулардын өздүгүн ачыктай элек.

Коргоо министрлиги 2015-жылдын ноябрынан тарта Коргоо боюнча мамлекеттик комитети болуп өзгөргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: