Чолпон-Атадагы ат майданга 10 млн сом. Акча эмнелерге жумшалат?

Парламенттин басма сөз кызматы Үчүнчү көчмөндөр оюндарынын алдында Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого 10 млн сом бөлүнүп жатканы жөнүндө билдирген. Бирок кийинчерээк мекеме бул маалыматты четке кагып, акча реконструкцияга эмес, имаратты камсыздоого коротулаарын айтты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 26-мартта билдиргендей, парламент үстүбүздөгү жылдын күз айларында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн ат майданды оңдоого 10 млн сом бөлүүнү жактырган.

Бирок эртеси күнү 27-мартта парламенттин басма сөз кызматы өзүнүн буга чейинки кабарына каражат оңдоо үчүн эмес, таймаштарды өткөрүү даярдыгына кете турганы жөнүндө тактоо жарыялаган.

Өкмөттө «Клоопко» кененирээк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик спорт комитетине кайрылууну сунушташты. Мамкомитеттин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев 10 млн сом ат майданды камсыздоого жумшалаарын айты.

«10 млн сом — бул операциялык чыгымдар, тактап айтканда ат майданды камсыздоо — бул коммуналдык жана транспорттук чыгымдар. Азыр сезон башталып атат, аянт эл аралык стандарттагы маркасын кармап турушу үчүн аны дайыма сугарып туруш керек», — деп түшүндүрдү ал.

Султамбаевдин айтымында, ат майдан сертификация стандарттарына жооп бериши керек, ошондуктан бул үчүн кошумча 10 млн сом керек. Ал бул акчалар Чолпон-Атадагы айт майданды камсыздоо үчүн бир жылга эсептелгенин кошумчалады.

«Бизде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары да башка ири оюндар өткөрүлөт. Чынын айтсам ишкана жаңы. Ошон үчүн ал камсыздоого мынча каражат талап кылууда», — деди басма сөз катчы.

Расмий маалыматтарга ылайык, бийлик Чолпон-Атадагы ат майданды курууга 1,58 млрд сом короткон. Бийлик 2018-жылдын сентябрына Үчүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 306 млн сом бөлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: