Кыргызстанда интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салынды

Президент Сооронбай Жээнбеков интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду. Тыюу 13-апрелде күчүнө кирет.

Мыйзам долбооруна кол коюлганы боюнча кабар 28-мартта президенттин сайтына чыккан. Мыйзам кол коюлгандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет, тактап айтканда 13-апрелде.

«Мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана калктын алкоголду керектөө деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Парламент бул мыйзам долбоорун 15-февралда жактырган. Документке ылайык, жаңы жоболордун эрежелерин бузгандарга 10 миң сомдон 70 миң сомго чейин штраф салынат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары экономика министрлиги чыккан . Долбоордун авторлору интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салуу «элдин алкоголго берилүүсүн азайтат жана жалпысынан дени сак коомду түзүүгө өбөлгө болот» деп эсептешет.

«Алкоголдун таасири алдында өспүрүм интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан зээнсиз болуп калат. Жашы жетпеген өспүрүмдүн мээси алкоголго бат көз каранды болот», — деп айтылган мыйзамдын анализинде.


ТЕМА БОЮНЧА: