Бабанов өзүнө каршы козголгон дагы бир кылмыш ишин «такыр маанисиз» деп атады

Улутттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президенттикке талапкер жана «Республика — Ата-Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго карата дагы бир кылмыш ишин ачты. Бабанов өзү айыптоолорду «такыр маанисиз» деп атады.

УКМКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Бабановго каршы ишти депутат Канатбек Исаевдин ишинен өзүнчө жүргүзүүнү чечишкен. Канатбек Исаев да бийликти күч менен басып алууну даярдоого айыпталып жатат.  

«Тергөө парламенттин депутаты Канатбек Исаев чындыгнда эле бийликти күч менен басып алууну жана Бабановдун тарапташтыры менен массалык башаламандыктарды даярдаганын далилдеген. Бабановдун өзүнө карата өзүнчө иш жүргүзүлмөй болду», — деп билдиришти УКМКдан.

Ал эми Бабанов өзүнүн фэйсбук барагында өзү жана өзүнүн тарапташтары «мыйзамсыз аракеттерди, бийликти басып алууну» пландашкан эмес, ал эми өзүнө каршы айыптоону «такыр маанисиз» деп атаган.  

«Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбаймын. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем. […] Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү», — деп жазган Бабанов.

Бул Бабановго карата экинчи кылмыш иш — биринчисин башкы прокуратура саясатчы талапкер катары чыгып жаткан 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин дароо эле козгогон. Бабановду ошол учурда анын Ошто шайлоочулардын алдында сүйлөп чыкканынын айынан улуттар аралык кастыкты козутууга айыпташкан.

Ал эми Бабановдун тарапташы депутат Канатбек Исаевге каршы кылмыш иши 2017-жылдын 30-сентябрында бийликти күч менен басып алууну даярдоо аракеттери боюнча козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев эгерде шайлоодо Бабанов утулуп калса жүзөгө аша турган «массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүүгө барган».

Шайлоодо Бабанов утулуп калган — ал жыйынтыгында президент болуп калган бийликчил КСДП партиясынын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Бабанов Кыргызстандан чыгып кетип, саясаттан кетип жатканын жарыялаган.


ТЕМА БОЮНЧА: