Бактарды кыюу, маршруткалар жана курулуш. Бишкекте митингдин катышуучулары эмнеге нааразы болушту?

Сүрөт: Айдай Эркебаева/Kloop.kg

Бишкек мэриясынын жанында 3-апрелде «Биз тумчугуп жатабыз» акциясы өттү. Активисттер «бак-дарактар массалык түрдө кыйылып» жатканы үчүн, мындан тышкары, маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна жана шаардагы мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу мэр Албек Ибраимовдун отставкасын талап кылышты.

Мэриянын алдына 100гө чукул активист чогулуп, калаа башчысы Албек Ибраимовдун жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кенекеевдин отставкасын талап кылышты. Мындан тышкары, акциянын катышуучулары мэрди «өз кызыкчылыктарын сүрөмөлөшкөн» аткаминерлер эмес, шаардыктар тарабынан шайланышын талап кылышты.

Активисттер «Албек — отун кыйгыч», «Биз таза шаар үчүн!», «Бактарды кыюу — коррупция» жана «Мэр жоголсун!» деген көрнөктөрдү көтөрүп алып чыгышкан.

Бактарды кыюу

Чогулгандар Ибраимовду жана мэриянын башка кызматкерлерин 2017-жылдагы «массалык түрдө бак-дарактардын кыйылышы» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Каршылык акциясынын катышуучулары медициналык маска тагынып алып турушту — аны менен митингчилер шаарда дем алууга кыйын болуп калганын көрсөткүлөрү келген.

«Мэрия бизге жана биздин неберелерибизге таза аба бериши керек. Акаев менен Бакиевдей чөнтөктөрдү толтуруп кетип калган болбойт», — деп билдирди жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев.

«Кара жыгачтардын ордуна биздин климатка туура келбеген Кытайдын жалбырактуу жыгачын тигип атышат. Бул кичинекей жалбырактуу жыгач кыйылган кара жыгачтардын көлөмүнө чейин жеткиче дагы канча жыл өтөт? Биз муну күткүчө тумчугуп калсак керек», — деди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

Бишкек мэриясы 2017-жылы ордуна 10 миң көчөт отургузулган 3 миңге чукул бак-даракты кыйган. 2018-жылы мэрия жолдорду реконструкциялоо үчүн дагы 2,5 миң бак-даракты кыюуну пландап атат.

Коомдук транспорт

Мындан тышкары, активисттер Бишкек мэрин шаар маршруттук таксилерге көз каранды болуп атканына айыпташып, жүргүнчүлөр үчүн автобус жана троллейбустар жетишпей жатканын айтып чыгышты.

Бул доомат 2-апрелде жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу полиси жок болсо айдоочуларга штраф салуу киргизилгени үчүн маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу болду. Иш таштоо бир нече көйгөдүн чыгышына алып келди — мисалы, шаардык автобустардын жана троллейбустардын ашыкча толуп калышы менен жол тыгындары.

Бийлик маал-маалы менен жок дегенде шаардын борборун маршруткалардан арылтууну убада кылып келет — акыркы убада Бишкектин борборун 2018-жылдын сентябрына чейин маршруткалардан арылтууну убадалаган вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин оозунан чыккан.

Сүрөт: Айдай Эркебаева/Kloop.kg

Шаардын курулушу

Укук коргоочу Калича Умуралиева билдиргендей, мэриянын жер жана турак жай кодекстеринде «коррупция көп».

«Бишкектин ар бир мэри сейилбактардын аймактарын курулушка берген. Аткаминерлер ээн талаада жашыл өсүмдүктөрдү кантип сактап калуу керектигин ойлогондун ордуна бардыгы тең кафе жана ресторандарды курушууда», — деди ал.

Активисттер мэриядан сайтта шаардын так пландоо долбоорун жарыялоону талап кылышты, анткени шаардыктар аны көрүшү керек, ал эми аткаминерлер алардын эскертүүлөрүн угуулары керек.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов шаар аткаминерлерин курулушка уруксат берүү үчүн миллиондук пара алууларга айтыптады.

«Жаштар аллеясынын ортосуна имарат куруп, аянтын бузушту. Бул түрү сууктукту мэрлер көрүп атышат, бирок бары бир курууга уруксат берип атышат. Анткени алар муну миллиондорду алып жатышканы үчүн кылышууда», — деди Байсалов.