ЖЭБди жаңыртуу: Парламенттик комиссия TBEAнын эсебинен Гонконгго барып келген депутаттарды сурайт

ЖЭБдин Электр станциялар ишканасы. Сүрөт: «Акчабар»

Парламенттик комиссия ТВЕА компаниясынын эсебинен Кытайга барып келишкен депутаттарды сурап чыгышкандан кийин Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялайт — бул фирма жылуулук борборун 386 млн долларга жаңырткан.

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуусун жана бул станцияны жаңыртууга кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын 3-апрелде жарыялашы керек болчу.

Бирок комиссиянын төрагасы жана КСДПнын депутаты Улан Примов комиссия 2013-жылы Кытайдын TBEA компаниясынын эсебинен Гонконгго барып келген өздөрүнүн депутат кесиптештерин сурагандандан кийин иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялай турганын билдирди. Бул компания 386 млн долларга Бишкек ЖЭБинде жаңыртуу иштерин жүргүзгөн — бул каражаттарды Кытай Кыргызстанга насыя катары бөлүп берген.

«Биз комиссиянын корутундусун бүгүн жыйынтыктоону каалаганбыз, бирок, тилекке каршы, биздин депутат кесиптештерибиз келбей калышты, алар келип айтып беришсе жакшы болмок, анткени коомчулукта бул командировка туурасында суроолор абдан көп болууда», — деди Примов.

Анын айтымында, комиссия мындан тышкары, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди да сурай элек, анткени анын учурунда станцияны жаңыртуу боюнча 386 млн долларга насыя келишимине кол коюлган.

Буга чейин Сатыбалдиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде кол коюлган документтер үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экенин, бирок келишим шашылыш түзүлгөн деп эсептебээрин билдирген.

Бишкек жылуулук борборунун айланасындагы көйгөйлөргө суроолор 26-январда чыккан авариядан кийин пайда болгон. Авария шаарга катуу суук аба ырайы келген учурда бишкектиктерди жылуулук берүүсүз калтырган.

Авариядан кийин депутаттык комиссия түзүлгөн — ал эки маселени авариянын себептерин жана станцияны жаңыртууга кеткен чыгымдарды изилдеп жатат. Жаңыртуунун баасына карата суроолор станциянын мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулунун билдирүүлөрүнөн кийин пайда болгон — ал билдиргендей, ЖЭБге жаңы жабдыктын баасы жогорулатылган.

ЖЭБдин жетекчилиги менен өкмөттүк комиссия авариянын чыгышына алдын ала себептерге ылайык, адамдык фактор жана эски жабдыктын суука даяр эмес болгону негиз деп эсептешет.

Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) авария фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жана ЖЭБдин техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармаган. УКМК билдиргендей, эки аткаминер тең ЖЭБде чыккан авариянын себептерин иликтөөнүн алкагында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминерлер жалданмачылар менен жасалма келишим түзүшүп, аларга ири өлчөмө акча которуп турушкан. Ошондуктан Бишкек ЖЭБинде кышкы жылытуу сезонуна даярдануу үчүн жабдыктарда керектүү оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: