«Республика — Ата-Журттун» депутаттары Казакбаевди фракция лидерлигинен кетиришти

Руслан Казакбаев

Депутат Руслан Казакбаевди «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидерлик кызматынан «көптөгөн маселелерди чечпегени» үчүн кетиришти. Жыргалбек Турускулов фракциянын жаңы лидери болуп калды.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Табылды Тиллаев «Клоопко» билдиргендей, Казабаев өзүнүн партиялаштарынын талаптарын аткарган эмес, ошондуктан ал 3-апрелде лидерлик кызматтан алынган.

«Казакбаев көптөгөн маселелерди чечиши керек болчу, бирок чечкен жок. Депутаттар аны күтүп отурбастан кызматтан алууну чечишти. Лидердин алмашканы фракциянын саясатына таасир этпейт», — деди Тиллаев.

Ошол эле жыйында Жыргалбек Турускулов фракциянын жаңы лидери болуп шайланган.

Казакбаев «Республика — Ата Журтту» 2017-жылдын ноябрынын ортосунан баштап, фракция өзүнүн лидери Өмүрбек Бабановсуз калгандан кийин жетектей баштаган.

Өмүрбек Бабанов — Кыргызстандын президенттигине мурдагы талапкер. Ал президенттик шайлоодо жеңип чыккан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Бабанов шайлоодон жеңилгенден кийин саясаттан кетип жатканын билдирип, өлкөдөн чыгып кеткен.

Башкы прокуратура Бабановго каршы эки кылмыш ишин ачкан. Президенттик шайоодон кийин ага «улуттар аралык кастыкты козутуу», ал эми 2018-жылдын мартында «бийликти басып алууну даярдоо» боюнча айып тагылган.  

Саясатчы өзүнө каршы ачылган бардык айыптоолорду «саясий мүнөздүү» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: