Башкы прокурорду кантип кетирсе болот? Түшүндүрөбүз

Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Кыргызстана

Парламенттин эки фракциясы башкы прокуратуранын отчетун «канааттандыраарлык эмес» деп таанып, алардын бири, «Ата Мекен» фракциясы көзөмөл органынын ишинин сапатын текшерүүнү талап кылды. Мунун бардыгы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишине нааразылыктар жөнүндө билдирүүлөрдүн шартында болууда. Башкы прокурорду кантип кызматтан алса болот жана бул канчалык оор экенин түшүндүрөбүз.

Эмне болду?

«Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракциялары башкы прокуратуранын 2017-жыга карата отчету менен башкы прокурор өзү Индира Жолдубаева алардын жыйынына келбей койгонуна нааразы болуп калышты. Натыйжада Башкы прокуратуранын ишин «канааттандыраарлык эмес» деп таанышты.

Андан ары эмне болот?

Башкы прокурорго нааразылыктар айрым депутаттардын билдирүүлөрүнүн шартында болууда. Мисалы, «Азаттык» үналгысына депутаттар 11-апрелде парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурордун тагдырын чечишет деп билдирген Жанар Акаев.

Бул деген 11-апрелге чейин калган фракциялар — «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс» жана КСДП — Башкы прокуратуранын отчетун колдоп же колдобонго жана Жолдубаеванын отставкасы жөнүндө маселени чечүүлөрү керек экенин билдирет.

Башкы прокурорду кантип алса болот?

«Республика — Ата-Журт» менен «Ата Мекендин» чечимдери башкы прокурорду кетирүүгө өбөлгө болуп калышы мүмкүн. Бирок отставка жөнүндө расмий талаптарды коюу үчүн бул фракциянын депутаттарына эки добуш жетпей жатат — жалпысынан алар 38 адам, ал үчүн бери эле дегенде 40 добуш керек.

Эгерде башкы прокурорго нааразы депутаттар 40 добуш чогултушса, анда алар расмий түрдө Жолдубаеванын отставкасын талап кыла алышат — бул учурда бүтүндөй парламент башкы прокурорду отставкага кетирүү керектиги же керек эместигине добуш бериши зарыл болот.

Кызматтан алуу эгерде отставка үчүн жок дегенде 80 депутат добуш берсе ишке ашат.

Бул канчалык реалдуу?

Албетте бир нерсе айтуу кыйын. 80 добуш — бул парламенттин үчтөн экиси. Ал эми КСДП Жогорку Кеңеште 37 орунга ээлик кылат. КСДПнын башчысы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жолдубаеваны бул кызматка койгон.

Албетте, Жолдубаеванын оставкасы үчүн 80 добушту КСДПсыз эле чогултуп койсо болот, бирок анда калган башка партияларга өз ара сүйлөшүүлөргө барууга туура келет. Айрым депутаттар, мисалы, «Өнүгүү-Прогресстен» Исхак Масалиев башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча сунушту колдойт. Бирок азырынча калган депутаттар келише алабы же жокпу белгисиз болууда.

Башкы прокурорду дагы кантип отставкага кетирсе болот?

Башкы прокурорду президенттин демилгеси менен да алса болот — мындай учурда бери эле дегенде 60 депутаттын колдоосу керек болот. Мындай жолдун канчалык деңгээлде ишке ашаары да белгисиз.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков — Атамбаевдин үзөңгүлөшү, бирок акыркы учурларда укук коргоо органдары менен прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттерине нааразылыктарын билдирген.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жээнбеков менен жолугушууда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Эгерде Жээнбеков УКМКнын төрага орун басары сыяктуу эле Атамбаев дайындаган башкы прокурорду алмаштырууну чечсе, анда отставка болушу мүмкүн.

Жолдубаева кызматтан кетүүгө татыктуубу?

Башкы прокурорго бир гана парламенттеги фракциялардын айрым депутаттары эмес, активисттер жана айрым журналисттер да нааразы. Мисалы, Жолдубаеванын учурунда Башкы прокуратура Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоп, «Заноза» жана «Азаттык» басылмалары менен соттошкон.

Оппозициячыл «Ата Мекена» жана «Республика — Ата-Журттун» депутаттары үзөңгүлөштөрүнө, мисалы, саясатчы Өмүрбек Бабановго же болбосо мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иштери үчүн башкы прокурорго нааразы.

Ал эми Атамбаев болсо Башкы прокуратуранын журналисттер менен саясатчыларга карата кылмыш козгоосун адилеттүү деп эсептейт, анткени биринчи жагдай боюнча бул «жалган-жалаа» үчүн ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо жообу, ал эми экинчисинде — бул коррупцияга каршы күрөштүн бөлүгү.