Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө «достукка карабайм»

Президент Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушуу учурунда коррупция менен күрөштү улантып, бардык коррупциялык иштерди «аягына» чыгараарын билдирди.

Президент 2010-жылдагы апрель революциясынын катышуучулары менен 5-апрелде жолугушту. Жолугушууга келген катышуучулардын бири Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция жөнүндө билдирүүлөрүн «абдан туура» деп атады.

Өлкө башчысы башталган коррупциялык иштерди «аягына» чыгараарын айтты.

«Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, досбу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет», — деди Жээнбеков.

Ал кыргызстанда үй-бүлөлүк кландык башкаруунун кайталанышына жол бербестигин убада кылды.

«Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», - деп билдирди президент.

Февраль айында Жээнбеков өз президенттигиндеги Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында укук коргоо жана күч түзмдөрүн «коррупция менен натыйжасыз» күрөш үчүн сындап чыккан.

Ал эми 31-марттагы КСДПнын курултайынан кийин Аэкс-президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президентти Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрү үчүн катуу сынга алган. Коррупция менен күрөш Атамбаевдин президенттигинде негизги багыт болгон.

Атамбаев өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылчу сөздү Жээнбековго «астыртан салып коюшкан» деп божомолдогон.

Жээнбековдун басма сөз кызматы Атамбаевдин «эмоционалдуу билдирүүлөрүнө» комментарий бере албасын маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: