АФК-2018: «Алай» тажикстандык «Истиклолго» 0:1 эсебинде утулду

Сүрөт: "Алай" клубу

Тажикстандын Гиссар шаарында 11-апрелде кыргызстандык «Алай» клубун коңшу мамлекеттин «Истиклол» командасы өз талаасында кабыл алды. АФК-2018 кубогунун тандап алуу баскычында өтүп жаткан беттеште кыргыз футболчулары «Истиклол» клубуна 0:1 эсебинде утулду.

Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылдагы кубогунун тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында 11-апрелде конокто ойногон «Алай» клубунун футболчулары тажикстандык «Истиклолго» 0:1 эсебинде утулуп, жеңиштен кол жуушту.

Буга чейин 13-мартта «Алай» командасы түркмөнстандык «Ахал» клубу менен конокто беттешип, 0:5 эсебинде утулган.

Азия кубогунун тандап алуу баскычын улай 25-апрелде Ош шаарында кыргыз футболчулары тажикстандык «Истиклол» менен кайрадан күч сынашат.

Андан кийин 2-майда «Алтын Асыр» «Алайды» өз талаасында кабыл алса, эки жумадан соң Ошто кыргыз футболчулары Түркмөнстандын «Ахал» клубу менен беттешет.   

«Алай» футбол клубу АФК-2018 кубогунун тандап алуу мелдештеринде D тайпасына түшкөн. Тайпада түркмөнстандык «Алтын Асыр» жана «Ахал» клубдары менен бирге тажикстандык «Истиклол» да бар.

Азырынча D тайпасында «Истиклол» клубу 7 упай менен алдыда баратат.

1960-жылы Оштун командасы деп түзүлгөн топ жети жылдан соң «Алай» деген аталышты алган. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана өлкө кубогуна ээ болгон.

«Истиклол» футбол командасы Душанбе шаарында 2007-жылы негизделген. Мындан 8 жыл мурун Тажикстандын чемпиону аталып, АФК кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомону алгачкы жолу 2015-жылы утуп алган.


ТЕМА БОЮНЧА: