Жалал-Абад облусундагы Казарман айылынын тургундары 11-апрелде кыштактан алыс эмес жерде курулуп жаткан алтын өндүрүүчү фабриканын имаратын өрттөп салышты. Алар көпкө чейин өрт өчүрүүчү техниканы жолотпой, жергиликтүүлөр менен тиреште үч милиционер жабыркаган.
Бул башаламандыктар казармандыктардын фабриканын жетекчилиги жана бийлик менен узакка созулган бир катар араздашууларынын кульминациясы болуп калды. Журналист Нуржамал Жанибекова менен сүрөтчү Даниль Усманов тирешүүнүн себептерин түшүнүү үчүн окуя болгонго чейин бир ай мурда 7-марттан 11-мартка дейре курулуп жаткан комбинатка барып келишкен. Алардын репортажы англис тилинде Eurasianetтин сайтына чыккан.
«Клооп» макаланын котормосун жарыялайт.
Казармандыктардын оозунан байма-бай алтын казуу жөнүндө кеп укса болот. Бул жерде ар бир тургун кенди майдалоо, цианидди ажыратуу жана күйгүзүү менен тааныш.
Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө 30 жылдан бери бул айылда совет доорунда курулган алтын өндүрүүчү фабрика бар. Бул жерде дээрлик бардыгы алтынга байланышкан. Бирок өндүрүш иштеринин айлана-чөйрөгө зыян тийгизүү ыктымалдыгына жергиликтүүлөрдүн нааразылыгы күчөп, Казарманда 2016-жылдан тарта курулуп жаткан алтын өндүрүүчү жаңы жеке менчик заводго карата оппозиция түзүлгөн.
Ушул жылдын башынан бери 12 миңдей калкы бар айыл ай сайын бир нече жолу кыргыз-кытай алтын өндүрүүчү «Макмал Жи Эл Девелопинг» комбинатынын курулушуна каршы чогулушкан.
Айылдагы ар бир митинг адаттагыдай эле эртең мененки саат 10до Маданият үйүнүн жанында башталат. Уюштуруучулар колонка, микрофонду коюшкандан кийин аким Тилек Идирисов түшүндүрүү аракеттерин баштап, андан соң ар бир каалоочуга өз дооматын айтууга мүмкүнчүлүк берет.
7-февралда тургундардын алдына алтын казуучу «Макмалалтын» заводунун мурдагы кызматкери Максат Ясымов чыгат. Адамдардын көпчүлүгү аны каар жаап, суук болуп жатканына карабастан угуп турушту.
«Биз күнөөлүү эмеспиз, бирок бизди републикалык деңгээлде бул жакка келген инвесторго каршы чыгууга айыптап жатышат. Эгерде аларда экологиялык таза, зыянсыз өндүрүш болсо жана алар элдерди жумуш менен камсыздаса, биз аларды кош колдоп тосуп алабыз. Ошол эле инвесторлор алты айдан бери бизге эч кандай документ, техника-экономикалык негиздеме көрсөтпөй жатат. Алар өздөрү күнөөлүү, тийиштүү документтери жок коррупциялык жол менен келишкен», — деди нааразы болгон Ясымов.
Милиционер окуяны телефонго тартып жаткан учурда нааразылыкка чыккандар Ясымовду колдоп кыйкырып жатышты. Бул чогулуш тынч бүтүп, аким Идирисов келген адамдарды комбинатта курулуш иштери токтотулганына жана алардын ишкананы жабуу боюнча талаптары жогорку бийликке тапшырылды деп ишендирди.
Караңгы учур
Бирок талаптардын бири да аткарылбагандан соң 1-мартта өткөн кезектеги митинг мурдагыдай тынч болбоду. Жүздөгөн адам Маданият үйүнүн жанына чогулуунун ордуна түз эле курулуп жаткан комбинатты көздөй жөнөштү.
«Митингге катышууга бүтүндөй Тогуз-Торо районунан эл өзү келди. Интернетте аларды бул жакка атайын автобус менен алып келишти, алардын арасында мастар бар болчу деп жазып чыгышты. Андай болсо болгондур, бирок биз андайларды дароо үйлөрүнө алып кетип жаттык. Ал эми эл митингге өзү чогулду, анткени зындуу өндүрүштү эч ким каалабайт», — дейт айылдык кеңештин депутаты Нурадил Турсунбеков.
Бир нече сааттан кийин митингчилер тосулган комбинаттын ичинде чынында курулуш жүрбөгөнүн өз көздөрү менен көрүп чыгууну чечишти. Башында алар бекилген дарбаза аркылуу өтүүнү көздөшкөн. Ал аракет ишке ашпаган соң, жаш балдардын тобу бетон дубалын кулатып кирүүнү чечишти.
«Тосмону биз сындырганбыз, — деп мойнуна алды урандылардын жанында турган айдочу Бахтияр Кокумбаев. Инвесторлор келип, эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүүчү жана уруксат документтерин көрсөтүп коюшканда бардыгы башкача болмок. Алар аны кылышкан жок да», — деди айдоочу Бахтияр Кокумбаев.
Элдик башаламандыктардын толкуну мобилдик телефонго тартылып, интернетке тарап кеткен видеолору Казарманды улуттук күн тартибине чыгарды. Президент Сооронбай Жээнбеков марттын башында айлана-чөйрөгө зыяны бар ар бир өндүрүш токтотулушу керек деген билдирүүсү менен митингчилердин талаптарын колдогон.
Бирок Жээнбековдун айткандары маселени чечүүгө өбөлгө болгон жок. Белгилүү болгондой, Казармандын тургундары айылда зыяндуу өндүрүш болушуна каршы чыгышкан эмес — анткени ансыз да бир ишкана бар. Ал эми тургундар дагы бир зыяндуу экинчи өндүрүштүн пайда болушун токтотууну каалашууда.
Алтын заман
Алтын казуучу «Макмалалтын» комбинаты Казарманда 1985-жылы пайда болуп, ошондон бери кенден жок эле дегенде 20 тонна алтын чыгарган. Бул Кыргызстанда мындай типтеги эң чоң өндүрүштөрдүн бири, ал мамлекеттик алтын өндүрүүчү «КыргызАлтын» компаниясына таандык.
Бул заводдун мурасы эки анжы.
Казарманда төрт орто мектеп, искусство мектеби, мончолор, кафе, кинотеатр, Маданият үйү жана оорукана бар. Эгерде Казарман стратегиялык мааниге ээ эмес болгондо, мунун бардыгы бул жерге курулушу мүмкүн эмес болчу. «Макмалалтын» жада калса азыр деле айлана-чөйрөгө тийгизип жаткан зыянын жеңилдетиш үчүн Тогуз-Торо районунун бюджетине кирешесинин жарымын которуп турат. Бул жергиликтүү бюджеттин 95% пайызын түзөт, бирок ошентсе да бул сумма жыл сайын азайып келет.
Тосмону бузууга жардам берген таксист Кокумбаев мунун бардыгына нааразы жана эмне үчүн экенин көрсөтүү максатында бузулган жолдорго назар салды.
«Бул жерде ушул завод отуз жыл иштеди, кана анын пайдасы? Бул жерде алтын, көмүр жана туз жашынып жатканы менен жолдун абалы ушундай. Бул жерде бардыгы жалтырап турушу керек. Эл бул инвесторлорго ишенбей деле калды. Убакыт өтүп жатат, ал эми биз болсо жашоо-турмушка акча табыш үчүн дагы эле мал кайтарып, таксист болуп жүрөбүз», — дейт ал.
Комбинат ачылгандан бери втоматика жана көзөмөл-өлчөгүч приборлорунун жөндөөчүсү болуп иштеп келген Лестанбек Исабеков азыр ишкана банкрот болуунун алдында турганын мойнуна алды.
«Макмалалтын» 1985-1995-жылдары дүркүрөп турган. Жылына үч тоннага чейин алтын казылчу, ал эми азыр 600 киллограмм чыгып берсе жакшы», — дейт ал.
Кызматкерлер менен менеджерлер казылган алтынды уурдашып, өндүрүш мезгил-мезгили менен болуп турган уурулукка тыгылып калды.
«Мындай учурлар көп, өзгөчө соңку жылдары. Көзөмөл бар болгону менен конкреттүү коррупция болуп атат. Эгерде алар муну токтотууну каалашса, эбак эле токтотуп коюшмак. Мен өзүм бир кезде иштеген Уралдагы көптөгөн өндүрүштөрдү билем — ал жакта уурулукту токтотуу үчүн керек болсо, бардыгы бир ууч болуп, заматта чечилчү. Ал эми бул жерде бардыгы бири-бирин жаап-жашырышат», — деп нааразы болду Исабеков.
Айылдык кеңештин депутаты Нурадил Турсунбеков көбүнчө комбинат цианиддин кооптуу чыгындыларын туура эмес сактап жатканына кабатыр.
«Кислота менен цианид төгүлчү жерден шамал көтөрүлүп чаң түрүндө биздин айылды көздөй учат. Биз, мындайча айтканда, таштанды челегиндейбиз», — деп арызданды ал.
Адамдар жөндөн-жөн эле цианид менен булганышы ыктымалдыгына арызданып жатышкан жок. 1998-жылы ири «Кумтөр» алтын кенинин оор жүк унаасы көпүрөдө жол кырсыгына кабылып, дээрлик эки тонна цанид натрий заты Барскоон дайрасына төгүлгөн. Канадалык компания сегиз саат окуя жөнүндө кабарлаган эмес.
Жашыл келечек?
«Макмал Жи Эл Девелопинг» компаниясынын башкы директору Максат Жээналиев Казармандагы элдин маанайына нааразы, ошол эле учурда аларды түшүнсө да болот дейт.
«“Кыргызалтын” мамлекетке таандык жана жергиликтүү коомчулукка буга чейин бир да жолу жардам көрсөткөн эмес, ошондуктан эл бизге ишенбейт», — деди ал.
Жээналиев өз каршылаштары сыяктуу эле Тогуз-Торо районунан болот. Ал 15 жыл аралыгында «Макмалалтын» комбинатында ар кандай кызматтарда иштеп, жетекчилик орундарга чейин жеткен.
«Мен “Макмалалтын” комбинатында вице-президент болуп турганда инвестиция тартуу менен иштегем. Тургундар мага көйгөйлөрү менен кайрылып, комбинатты жаңыртуу керек экенин айтышкан. Мени эгерде комбинат банкрот болуп калса, жумушсуздук күчөп кетээри кабатыр кылган», — дейт ал.
Жээналиев Казармандан 2000-жылдары Бишкекке кеткен.
Кайсы бир деңгээлде Жээналиев айылда бутуна туруп, бир нече жылдан кийин күмөндүү долбоор менен кайтып келгени казармандыктардын нааразылыгын жараткан. Ал эми өзү Жээналиев «Макмалалтын» комбинатынын аймагында ачылып, бирок өз алдынча патриоттук долбоор катары иштей турган жана кыйрап жаткан өндүрүштү жандатууга жардам бере турган комбинатты сүрөттөөдө.
Жаңы комбинат боюнча маселени биротоло чечүү үчүн Казармандын тургундары 10-марта бийлик менен жолугушууга келишти. Митингге бир күн калганга чейин Бишкектен жана башка шаардан келишкен аткаминерлер капысынан эшикте ачууланып тургандар менен жолугушуп калбоо үчүн мейманканада тамактанышты.
Аларга түз суроолорду берүү үчүн болжолдуу 400 адам чогулган. Башында комбинат зыяндуу болсо, ал жабылаарын билдирген Мамэкотехинпекциянын кызматкеринин айткандарына кубанышты. Бирок кийинчерээк комбинаттын башкы директору Жээналиев эмне үчүн өндүрүш зыянсыз болоорун түшүндүрүүгө аракет кылганда, чогулгандар кыйкыра башташты.
«Кытай-кыргыз компаниясынан жыл сайын жергиликтүү бюджетке 53 млн сом бөлүнүп турат. Мындан тышкары, мурда алтын казылып жатканда цианид колдонулчу. Ал эми азыр биз химиялык рагент катары органикалык тиосийдик затын колдонууну чечтик», — деди ал.
Бирок чогулгандарды бул сөздөр канааттандырган жок. Алар биринин артынан бири тизилип, өз нааразылыктарын микрофонго айтып жатышты. Митингден кийин алар жеке Жээналиевдин өзүнө арыз-муңдарын айтууга аракет кылып, аны курчап алышты.
Бирок чогулгандарды бул сөздөр канааттандырган жок. Алар биринин артынан бири тизилип, өз нааразылыктарын микрофонго айтып жатышты. Митингден кийин алар жеке Жээналиевдин өзүнө арыз-муңдарын айтууга аракет кылып, аны курчап алышты.
«Албетте, мени Казарманда жаштар билбейт. Бирок мен жердештеримен мындай реакцияны күткөн эмесмин, абдан таң калдым. Биз 2016-жылы курулушту жаңы баштап жатканда мынчалык деңгээлде каршылык болгон эмес», — деди Жээналиев чыдамсыз тургундар ага жакындап келе жатканда «Евразиянетке» курган кыска маегинде.
Милициянын курчоосунда ал башка аткаминерлер менен кошо авто унаага түшүп, мурунку күнү кечинде сүйлөшүп жатышкан маршрут боюнча жылып кетти.
Нааразылыктар тынчып калганда, эл мындан ары өзүнүн мурдагы жердешинин бизнес-идеялары жөнүндө уккулары жок экенин билдиришти:
«Кандай пайда болмок эле? Бардыгы мурдагыдай эле болот. Алтын уурдагандар шаарга көчүп, үй курушат. Ал эми биз жөнөкөй ишкерлер жана жашоочулар бул жерде калып, жарытаарлык эч нерсе албайбыз».