Жабыр тарткан Шохсана (оңдо) апасы менен. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Бир аптанын ичинде 17 жаштагы Шохсана алгач шылдың болуп, андан соң досунан айрылып, жоготуу ызасын тартты. Мунун баары айылындагы балдардын кызга ким менен сүйлөшүү керектигин көрсөтүп койгусу келгендигинен кийин башталды. «Клооп» Шохсананын өзүнүн жери, Ош облусунун Бостон айылында жүз берген окуя тууралуу баяндайт.

Шохсана Анварова 17 жашта (кыздын аты-жөнү үй-бүлөсүнүн суранычы менен өзгөртүлдү). Ал Ош облусундагы кичинекей Бостон айылында жашайт. Жакынкы ири шаар Ошко чейин бул жерден болжолдуу 35 чакырымдай жол жүрүү керек.

Кыздын жашоосу 27-мартта өзгөрүлүп кетти. Ошол күнү ал базарга камданып жатканда кошуна Гүлистан айылындагы таанышы Мухаммад аны жеткирип коюуну сунуштайт. Жолдо баратышкан аларга жергиликтүү балдар, Шохсананын айылдаштары жолугуп, Мухамаддан эмнеге ал кыз менен сүйлөшүп, эмне үчүн Бостонго келгенин сурай башташат.

Шохсана менен Мухаммаддын жообун жактырбаган топ балдар аларды мажбурлап, эки башка машинага отургузушат. Кыздын бутун жип менен байлап, ал эми баланы токмоктой башташкан. Алар Шохсананы буту байланган абалда бүткүл айылды аралай сүйрөйбүз деп коркута башташат.

«Мен кыйкырып, элден жардам сурап жаттым. Ошол эле учурда алар менин таанышым Мухаммадды да сабап атышты», — дейт ал.

Шохсана менен Мухаммадга кол салуу болгон жер. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Жарым сааттан кийин балдар 17 жаштагы кызды үйүнө алып барышкан. Алар эгерде Шохсана болуп өткөн окуяны милицияга айтчу болсо, анда «аны жылаңачтап, электр мамысына байлаган бойдон видеого тартышаарын», андан соң видеону YouTubeга жүктөп салышаарын айтып коркутушкан.

Бул окуя жөнүндө Шохсана эч кимге айтпай, эки күн үйдө боздоп-ыйлап жаткан. Шохсана улам-улам анын Мухаммад менен эч кандай сүйүү мамилеси болбогонун кайталап, аны менен бир-эки жолу гана телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып жатты.

«Мындан ары кантип жашашты билбей турам. Айылдагылар мени жаман жүргөн кыз деп, жаш балдар колу менен көрсөтүп, уят сөздөрдү айтып жатышат. Өзүм кыз бала болсом, кийин кантип турмушка чыгам? Мындай окуядан соң ким мени аялдыкка алат?» — деген ал көз жашын төгүп жатты.

Кыздын досунун өлүмү

Бул окуядан бир канча күн өткөн соң Шохсанага 31 жаштагы таанышы, Ахмадулло Абдыкадыров, чалып, балдар аны уруп-урбаганын сурайт. Шохсана «жок» деп жооп бергенден кийин Ахмадулло аны менен сүйлөшүп алуу керектигин айтып, үйдөн чыгуусун суранат.

Кыз чыгаары менен анын үйүнүн алдына балдар топтоло баштайт да, Шохсанадан «телефондон ким менен сүйлөштүң?» деп сурашат. Ахмадулло сөзгө аралаша баштаганда, балдардын бири анын башына таш менен уруп, калгандары аны уруп, тепкилей башташат.

«Ахмадулло аке аларга жакын келип, балдардын аттарын айта баштаганда, бирөө келип эле анын башына таш менен чапты. Мен коркуп кетип, кыйкырып жибердим. Капыстан эле менин жүзүмө кимдир бирөө бир койду. Мен качып жөнөдүм», — дейт Шохсана.

Ал бир аптадан кийин Ахмадулло алган жараатынан улам ооруканада каза болгонун угат. Маркумдун иниси Азамжондун айтымында, рентгендин жыйынтыгы баш сөөктүн үч жерден сынып, маңдай сөөгү майдаланып сынып кеткенин көрсөткөн.

«Бейтапканага баргандан кийин эле эсин жогото баштады. Ошол бойдон өзүнө келбей бир жумадай жатты да, 5-апрель күнү жаны үзүлүп кетти. Ким урганын, эмне себептен ал жакка барганын билбей кала бердик. Алып келген балдардын баарын тааныйм. Бирок, аларды “тигил эле”, “бул эле” деп айта албайм. Ким урганын, эмне болгонун билбесем, бирөөгө кантип доомат кылам? Милиция өзүнүн ишин кылып бүткөндөн кийин баары белгилүү болот», — дейт Азимжон.

Ахмадуллонун артында аялы менен үч кызы калды.

Анын өлүмүнөн кийин айылда баары Шохсананы Ахмадулло менен мамиле болгон деген ушак тарады. Маркумдун эжеси менен жубайы Ахмадуллонун өлүмүнө кызды күнөөлөшкөн.

«Эртеси анын катуу сабалганын, кийин өлгөнүн угуп ыйладым, жакшы адам эле. Мага жардам берип, кеп-кеңешин айтып жүрчү. Эгер тирүү болгондо мени элге шерменде кылбай, жөн гана ага-карындаштык мамиледе болгонубузду далилдемек», — деп ыйлайт ал.

Бостон айлына карай жол. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

YouTubeдагы видео жана иликтөө

Мындан бир апта өтпөй Шохсанага кол салганы тартылган видео интернетке тарады. Кимдир бирөө жүктөгөн видеодон балдардын кызды уруп, машинадан сүйрөп түшүрүп жатканын көрүүгө болот.

Видео коомчулукта кызуу талкуу жаратты — колдонуучулар алсыз жигит менен кыздын сабалып жатканына нааразычылыгын билдирип жатышты. Окуя жергиликтүү милициянын көңүлүн буруп, жыйынтыгында иликтөө башталды.

Ош облустук милициясынан маалымдашкандай, Шохсанага кол салып, Ахмадуллону сабаган балдар — баары эле бир.

«Учурда сабалган тарап [өспүрүм жигит жана кыз] жана каза болгон тургундун ортосундагы байланыш такталып жатат. Маркум сабалган кыз жана жигиттин окуясын териштиргени келген деген божомол бар», — дейт Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев.

Ал кошумчалагандай, болуп өткөн окуяга өз учурунда көңүл бурулбагандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы 11-апрелде ээлеген кызматынан четтетилген.

Милиция аталган окуянын негизинде «Бейбаштык» жана «Денеге оор жаракат келтирүү аркылууу өлүмгө жеткирүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Баары болуп 15 киши кармалды — алардын жашы 20дан 26га чейин. Алардын үчөө үй камагына чыгарылып, дагы экөө издөөдө.

Шохсананын айтымында, анын үйүнө кармалган балдардын ата-эне, туугандары кечирим сурап келишүүдө.

Натыйжада Шохсана аларга каршы милицияга арыз жазган.

Авторлошу: Алина Калыкова