УКМК ЖЭБди жаңыртууда «коррупция» үчүн Улуттук энергохолдингдин экс-башчысын кармады

Айбек Калиев. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртууда коррупция иши боюнча Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиевди кармады. Жылуулук борборун жаңыртууга Кыргызстан 386 млн доллар жумшаган.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Калиев 18-апрелде Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция боюнча кылмыш ишине байланыштуу шектүү катары кармалган. Калиев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Апрелдин башында Калиев Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу иш боюнча эки ирет УКМКга суракка чакырылган. Ал учурда УКМК Калиев ким катары чакырылганын тактаган эмес.

Премьер-министр Сапар Исаков Калиевди Улуттук энергетикалык холдингдин башчылык кызматынан 10-апрелде бошоткон. Исаков Калиев күзгү-кышкы жылытуу сезонуна жетишсиз даярдык көргөнү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп билдирген.

«Кышында бүтүндөй шаар жылуулуксуз калды, албетте, мындай нерсе кечирилгис», — деген Исаков.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган. Бийлик дароо эле авариянын келип чыгуу себептерин жана станцияны жаңыртууга кеткен 386 млн доллар чыгымды изилдей баштаган.

Улуттук энергохолдинг бардык мамлекеттик «Электр станциялар», «Бишкек жылуулук тармагы», «Түндүк электр» жана башка энергетикалык компанияларды башкарат. Ал эми «Электр станциялар» ишканасы Бишкек ЖЭБин башкарат.


ТЕМА БОЮНЧА: