Парламенттин депутаттары менен КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү партиянын ичиндеги пикир келишпестиктерди «ажырым» деп аташпаганы менен алардын арасында «адашуу» менен учурдагы жана мурдагы президенттердин ортосунда «мунасага келүү» муктаждыгы бар экенин моюнга алышууда.
Апрелдин аягында КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үч төрага орун басарлары шайланды. Алар мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана депутаттар Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов.
Апрелдин аягында КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үч төрага орун басары шайланды. Алар: мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, депутаттар Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов.
Жыйынга саясий кеңешке кирген парламенттин депутаттарынын бир тобу барган эмес. Ал 35 адамдан турат, ал эми жыйынга болгону 22 депутат келген.
Келбегендердин арасында КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Искендер Матраимов жана Осмонбек Артыкбаев бар.
Матраимов чакырылбаганын айтты, ал эми саясий кеңештин башка мүчөлөрү комментарий берүүдөн баш тартышты.
КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева «Азаттык» үналгысына курган маегинде саясий кеңештин айрым мүчөлөрү ишине, үй-бүлөсүнө байланыштуу келбей калышканын билдирген.
«Партия ишин улантып жатат. Партиянын мүчөлөрү баягыдай эле. “Ырк кетти” деген сыяктуу ар кандай сөздөр айтыла берет. Бирок баарын убакыт көрсөтөт», — деген ал.
Кыргыз ЖМКлары бир нече жолу КСДПда «партиянын ичинде ырк кеткени» жөнүндө жана Исаковдун төрага орун басарлыгына дайындалышы тил табышуунун жоктугу боюнча кептердин чыгышын күчөткөнү тууралуу жазышкан.
Исаковду Атамбаевдин орун басарлыгына парламент КСДПнын 26 депутатын кошуп анын өкмөтүнүн отставкага кетиши үчүн добуш бергенден кийин шайлашты.
Исаков үчүн отставка жана парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгы күтүүсүз болгон — бул тууралуу ал Атамбаевдин «Апрель» телеканалына курган маегинде билдирген. Мурдагы премьер-министр ошондо эфир учурда Жогорку Кеңешти «саясий өлүк» деп атаган.
Исаков үчүн отставка жана парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгы күтүүсүз болгон — бул тууралуу ал Атамбаевдин «Апрель» телеканалына курган маегинде билдирген. Мурдагы премьер-министр ошондо эфир учурда Жогорку Кеңешти «саясий өлүк» деп атаган.
«Негизи мени депутаттардын реакциясы, алардын жүрүм туруму таң калтырды. [...] Биз (өкмөт) бул убакыттан бери комитеттер аркылуу канааттандыраарлык деген баа менен өтүп жатканбыз, көпчүлүк коалициясына кирген эки ири фракциядан өткөнбүз [...] Мен тараптан катуу айтылып калышы мүмкүн деп ойлойм, бирок биздин парламент саясий өлүккө айланып бараткансыйт», — деген ал.
«Негизи мени депутаттардын реакциясы, алардын жүрүм туруму таң калтырды. [...] Биз (өкмөт) бул убакыттан бери комитеттер аркылуу канааттандыраарлык деген баа менен өтүп жатканбыз, көпчүлүк коалициясына кирген эки ири фракциядан өткөнбүз [...] Мен тараптан катуу айтылып калышы мүмкүн деп ойлойм, бирок биздин парламент саясий өлүккө айланып бараткансыйт», — деген ал.
«Адашуу жана дезориентация»
«Клооптун» кабарчылары маектешишкен КСДПнын депутаттары Исаковдун кызматтан кетип, андан ары төрага орун басарлыгына дайындалышынан карама-каршылыктарды көрүшкөн жок. Алар бул партия менен анын парламенттеги уячасынын ортосундагы мамилелерге таасир этпейт деп эсептешет.
Депутат Анвар Артыков азыр КСДПда «адашуу» бар экенин моюнга алып, бирок депутаттар менен Исаковдун ортосунда мамилелер «жакшы эле» түзүлөт деп эсептейт.
«КСДП фракциясы — КСДП партиясы эле да. [Биздин Исаков менен] мамилебиз жакшы эле түзүлүшү керектиги бул логикалуу эле нерсе да. [...] Сапар Исаков партиянын төрага орун басары болуп калганын мен жакшы эле көрүнүш деп эсептейм. Бул партиянын чечими, бул жерде кандайдыр бир кынтык издөөнүн кереги жок», — деп билдирди ал.
Артыковдун айтымында, КСДПнын ичинде эч кандай ажырым жок, бирок ал кандайдыр бир «дезориентация» бар деп эсептейт.
«Мен партиянын ичинде ажырым бар экенин тастыктай албайм. Ооба, кандайдыр бир адашуу, кандайдыр бир ориентациядардын өзгөрүшү, дезориентация болсо керек, анткени эмне кандай болуп кетээри белгисиз. Мындай маанайлар бар. [...] Бул саясий тажрыйба, жетилгендик жетпей атканын айтып турат», — деди ал.
Анын кесиптеши Элвира Сурабалдиева да Исаковдун КСДПнын төрага орун басарлыгына дайындалышы партиянын ишмердигине таасирин тийгизбейт деп эсептейт.
«Эгерде саясий кеңеш Сапар Исаков төрага орун басары болушу керек деп чечсе, демек бул чечим партиянын ичинде кабыл алынган. Башкача кандай болуш керек эле? Премьер-министрлик кызмат менен төрага орун басарлык кызмат — бул эки башка нерсе, ошондуктан мен бул жерде эч кандай трагедия көргөн жокмун», — деди ал.
Депутат Рыскелди Момбековдун пикири боюнча, Исаковдун дайындалышы Атамбаевдин партия ишин калыбына келтирүү планы менен байланыштуу. Ал жерде мурдагы премьер-министр негизги ролду ойнойт.
«Негизги роль бары бир Сапар Исаковдо болот, анткени Асел Кодуранова менен Мурадыл Маеминов учурдагы кызматын өтөп жаткан депутаттар болуп эсептелинет. Алардын партия ишин кылууга убакыттары аз болот. Тактап айтканда, алар айрым жыйындарга, иш-чараларга катышышат, бирок [партиянын ишин] тыгыз Сапар Жумакадырович аткарат», — деди ал.
Момбеков Исаковдун тажрыйбасы ага өкмөт менен тыгыз иштешүүгө жардам берет деп эсептейт.
«[Исаков] өкмөт башчылык кызматта аз эле убакыт отурду, ал көп нерсеге жетишпей калды. Ага партиянын жумушу керек, ал партиянын жана саясий кеңештин атынан "Кырк кадам" долбоору боюнча идеялары менен программаларын илгерилетиш үчүн өкмөт менен биргеликте иштешет. Мына ошондуктан аны, менимче, партиянын төрага орун басарлыгына дайындашса керек», — деди Момбеков.
КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева Сапар Исаков өзүнүн партиядагы жаңы кызматында анын премьерлик ордунан отставкага кетүүсү үчүн добуш берген депутаттардын жарымына «бут тоспойт» деп айтты.
«Ал — жогорку кесипкөй адам, жана барынан да ал дипломат. [Сапара Исаковдун] КСДПнын депутаттары менен мамилеси бир гана жумуш боюнча түзүлөт», — деди ал.
Атамбаев менен Жээнбековдун жолугушуусу
Исаковдун дайындалышынан тышкары, КСДПнын депутаттарын партиянын башында турган экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктер да кызыктырат.
«Партиянын ынтымагы тууралуу саясий кеңеште да сөз болду. Анан Алмаз Шаршенович "Сооронбай Шарипович менен жолугуп, сүйлөшөм" деп калды. Сүйлөшүүдөн кийин дагы көрөбүз да. Негизи партия мүчөлөрүнүн көбү "экөө сүйлөшүп, пикир келишпестиктерди жөнгө салышы керек" деген пикирлерин айтышты», — деп билдирген «Азаттык» үналгысына саясий кеңештин мүчөсү жана КСДПнын депутаты Чыныбай Турсунбеков.
Саясий кеңештин мүчөсү жана КСДПнын депутаты Ирина Кармушкина «АКИпресс» басылмасына курган маегинде Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушушу керектиги жөнүндө маселени дал өзү көтөрүп чыкканын айткан.
«Биздин эки лидерибиз, бирөөсү партиялык, башкасы — өлкө лидери, бир катар маселелер боюнча мунасага келиши керек. [...] Биздин партиянын өкүлү өлкөнүн лидери, мурда ойлонулган көптөгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн партиялык жана мамлекеттик күчтөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгү бар», — деген ал.
Карамушкинанын айтымында, эл үчүн эки лидердин ортосундагы өз ара түшүнүүлөр маанилүү.
«Бул адамдар чыгарган "түшүнбөөчүлүктөрдү" токтотуш керек. Бул адамдар, балким, Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шарипович бири-бирин колдобогонун каалашса керек. Алардын ортосунда караша мышык өтүп кетишин абдан көбү каалашкан, абдан көбү кыялданган», — деп билдирген Карамушкина.
Ал Атамбаев саясий кеңештин сунушун кабыл алып, ал Жээнбеков менен жолугушушу керектигине макул болгонун кошумчалады.
«Бул жерде бөлө турчу эч нерсе жок, ар бири өз жоопкерчилигинин чегин түшүнүп атат. [Атамбаев] алар [Жээнбеков] экөө көптөн бери чогуу экенин, дайыма бири-бирин түшүнүп келе жатышканын жана кандай болбосун бири-бирин угуп, түшүнүшөт экенин айтты», — деген ал.
КСДПнын ичиндеги «ажырым» жөнүндөгү кептер
Партиянын ажырымы жана Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тиреш парламентарийлер тарабынан биринчи эле жолу талкууланган жок. Апрелдин ортосунда Атамбаев КСДП фракциясынын парламенттеги депутаттары менен жолугушуу өткөргөн.
Анда алар кылдаттык менен Атамбаевге анын чечимдери жөнүндө, анын ичинде кадр маселелери боюнча «ачуу чындыктын» бардыгын айтышканын кабарлашкан. Ошол жолугушууда алар Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы ырксыздык жөнүндө да сүйлөшүшкөн.
Ошол жолугушуудан кийин КСДПнын парламентарийлери Атамбаевдин үзөңгүлөшү, премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө вотумун билдирүү сунушу үчүн добуш беришкен. КСДП эки күндүн ичинде Сооронбай Жээнбеков министрлер кабинетинин башчылык кызматын аркалап турган кезде вице-премьер-министр болуп иштеген Абылгазиев башында турган өкмөттун жаңы курамын түзгөн.
«Азаттык» үналгысы өзүнүн Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булагына таянып, Абылгазиевди Жээнбеков «ишенген эң жакын адамдардын бири» деп атаган.
Кадрларды алмаштыруу
Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында укук коргоо органдары менен прокрорлодун ишин «натыйжасыз» деп атап, сынга алган.
Ошондой эле, ал соттор, прокуратура, финпол, атайын органдар жана ички иштер органдары өз милдеттерин «толук кандуу» аткарышпай, өздөрү «коррупцияга батып» калышкан деп билдирген.
Алмазбек Атамбаев 31-августта КСДПнын съездинде Жээнбековдун айткандарына нааразылыгын билдирген. Мурдагы президенттин айтымында, Жээнбековго бул сөздөрдү «аста салып» коюшкан.
«Атамбаевдин учурунда акыркы үч жылда бийлик коррупция менен күрөшкөн жок деп айтылып жатат… жада калса, бүгүнкү чуулгандуу коррупциялык иштерди Атамбаев баштаган», — деп билдирген ал.
Соңку жарым жылда жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында Атамбаевдин тушунда дайындалып, негизги кызматтарда отурушкан бардык аткаминерлер алмашылды. Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн катарында жогорку кызматта отурган аткаминер болуп өз кызматында Бишкек мэри Албек Ибраимов гана калды.
Авторлошу: Эмил Султаналиев