Депутат Шадиев кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кетти

Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутат Аскарбек Шадиев жүрөгүнөн операция жасатыш үчүн чет өлкөгө чыгып кетти. Башкы прокуратура ага кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн кылмыш ишин козгогон. Анын жетекчилиги алдында Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка делип, мамлекеттик бюджеттен эки миллион сом «ыйгарылып алынган».

Депутаттын жардамчысы Айбек Эрмеков «Азаттык» үналгысына курган маегинде Шадиев жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирген. Бирок ал депутат кайсыл өлкөгө кеткенин ачыктаган эмес, бирок Шадиев операциядан кийин Кыргызстанга кайтып келээрин айткан.

Эрмековдун айтымында, Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу беш жылдан бери каттоодо турган.

«Клооптун» кабарчылары материалды чыгаарар алдында башкы прокуратура менен байланыша алышкан жок, ошондуктан Шадиевге эч жакка кетпөө баш коргоо чараасы алынганбы же жокпу белгисиз.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Шадиевдин Кыргызстандан тышкары чыгып кеткенин четке кагууда.

Башкы прокуратура Шадиевге карата кылмыш иши козголгонун жөнүндө 28-апрелде билдирген. Кылмыш иши ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров Чынгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн эки миллион сомду «өзүнө ыйгарып» алган. Тергөөчүлөр Шадиев Закировдун акча бөлүп берүү боюнча документке сыйлык берилбесин «билип туруп» кол коюп берген деп эсептөөдө.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКга караштуу тергөө изоляторунда камакта.

Шадиев 2018-жылдын апрелинде бул иш боюнча «адилеттүү жана калыстык иликтөөнү» камсыздаш үчүн биринчи вице-премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Шадиев — Кыргызстандын тарыхында бир эле учурда парламенттин депутаттык жана өкмөт мүчөсү кызматтарында иштеген алгачкы аткаминер болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: