Жэнбеков Шадиевдин отставкасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин отставкасын кабыл алды. Шадиев өз кызматынан парламенттин кызматкерлеринин биринин бюджеттик каражаттарды ыйгарып алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча териштирүүлөрдүн айынан кызматтан кетүүнү чечкен.

Жээнбеков Шадиевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка 13-апрелде кол койгон. Азырынча Шадиев депутаттык мандатын сактап калабы же жокпу белгисиз.

Аскарбек Шадиев 6-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров тарабынан бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу иши боюнча адилеттүү жана калыс иликтөөнү камсыздаш үчүн отставкага кеткен.

Шадиев эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болуп турган кезде Закировдун 30 миң доллар которуу боюнча катына кол коюп берген. Тергөөнүн версиясына ылайык, кийинчерээк аны Закиров өзүнө ыйгарып алган.

«Мен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын бийик тутуп, дайыма чынчылдык менен иштегем. Адилеттүү жана калыстык иликтөөнү камсыздаш үчүн өз кызматымдан кетүүм керек деп эсептейм. Президент менен премьер-министрге мага ишеним артышканы үчүн ыраазычылык билдирем», — деп келтирген«АКИпресс» басылмасы биринчи вице-премьер-министрдин айткандарын.

Бул иш боюнча Шадиев УКМКда суракка алынып, кийинчерээк «Азаттык» үналгысына курган маегинде документке «бул нерсени билбей туруп» кол коюп бергенин мойнуна алган.

Шадиев — Кыргызстандын тарыхында бир эле учурда парламенттин депутаттык жана өкмөт мүчөсү кызматтарында иштеген алгачкы аткаминер. Ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматка 2017-жылдын 7-декабрында дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА: