Акыйкатчы президенттен Текебаевди абактан бошотууну суранды

Акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго «Ата Мекен» партиясынын лидери жана оппозиционер Өмүрбек Текебаевге «ырайым» кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Жогорку сот 2017-жылы аны пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Оторбаев Жээнбековдон Текебаевди президент камактагы адамга ырайым кыла ала турган Конституциянын беренесине ылайык бошотууну суранды.

«Акыйкатчы бул ырайым жасоо кадамын Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Омурбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, кайрылды», — деп айтылат акыйкатчынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Оторбаев өз кайрылуусунда Текебаев ден соолугуна тынчсызданып, кадимки бийик сапаттагы кызмат көрсөтө турган ооруканалардын биринде дарылынууну суранып келе жатканын кошумчалаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын августунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт тузүп бериши керек болчу. Ал эми Чотонов бул иште ортомчулук кылган.

Саясатчынын адвокаттары өкүмдү даттанышкан, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Жогорку сот да өкүмдү күчүндө калтырып, ошону менен Текебаевди пара алуу боюнча биротоло күнөөлүү деп тапкан.

Биринчи май райондук сот Текебаев менен Чотоновду мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эрктеринен ажыраткан. Бирок алардын абак мөөнөтү мунапыска байланыштуу 4,5 жылга кыскартылган.

Ал эми Текебаев өз күнөөсүн четке кагып, бул ишти бийликтин «саясий буйругу» деп атап келет. Оппозиционерди 2017-жылы февралда анын Кыргызстандын бийлигине жана азыр экс-президент болуп калган президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине карата айтылган сын-пикирлеринин шартында кармашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: