Топ-Лига: Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезонунун башталышы жөнүндө эмнелерди билүү керек?

Сүрөт: Уулжан Саякбаева

Кыргызстанда Топ-Лига старт алды. Республикадагы футбол боюнча башкы клубдук таймашуулардын жаңы сезонунда титул үчүн 8 команда күч сынашат. Биринчи турдун жыйынтыктары жана сезондун башталышындагы көрүнүктүү учурлар жөнүндө биздин материалдан окуңуздар.

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча турнирдик жадыбалда лидерликти өлкөнүн учурдагы чемпиону, Оштун «Алай» командасы кармап турат. Анын артында борбор калаанын «Дордой» клубу орун алган, ал эми лидерлердин үчтүгүнө Канттын «Абдыш-Атасы» илинген.

И — оюндардын саны, В — уткан оюндар, Н — тең чыгуулар, П — утулуу, О — упай.

Жаңы сезонго жаңы жүздөр менен

Топ-Лиганын мурдагы сезонунда алты клуб ойногон, ал эми жаңы жылда Кыргызстандын чемпионатынын курамы эки команда менен толукталды. Алар Бишкектин «Илбирс» жана Оштун «Академия» командалары. Эки клуб тең 2018-жылы Кыргызстандын футбол федерациясы тарабынан ачылган, ошондуктан Топ-Лигада алгачкы жолу ойношот.  

Турнирдин ынандырбаган башталышына карабастан «Илбирс» үчүнчү турга күчүн жыйнап, аутсайдерлерден алдыга озанууга үлгүрдү. Азыр борбордук клуб куржунунда алты упай менен алтынчы орунду ээлеп турат.

«Академия» «Илбирске» караганда азырынча бир да упай топтой элек. Оштуктар сезондук матчтардын бардыгында утулуу ызасын тартышууда.

Ошол эле лидерлер

Оштун «Алайы» турнирдик жадыбалда эч нерсеге карабастан лидерликте турат. Команданын ийгиликтүү стартына сезон аралык оюндарда көптөгөн негизги оюнчуларын жоготкону да, Азия футбол конфедерациясы кубогунда (Азияда маанилүүлүгү боюнча экинчи клубдук турнир) ийгиликсиз оюн көрсөткөнү да тоскоолдук жараткан жок.

Мурдагы сезондо өлкөнүн кубогун жеңип алган команда катары «Алайга» АФК Кубогунун топтук баскычында орун кепилденген, ал эми азырынча азырынча оштуктар бир да матчты жеңип ала элек.

Бирок таң калычтуусу ички чемпионатта командада бардыгы жакшы болууда — бул клуб артынан кубалап келе жаткан атаандаштарынан үч упай алдыда келе жатат.

Мындан тышкары, «Дордой» да жаман эмес оюн көрсөтүүдө. Александр Крестининдин шакирттеринде үч жеңиш жана үч тең чыгуу оюну бар.

Лидерлердин үчтүгүнө Канттын «Абдыш-Атасы» илинген, ал эми мурдагы сезондо жаңыдан киришкен Кочкор-Атанын «Нефтчиси» төртүнчү орунда.

Чемпионаттын башталышындагы эң эле көрүнүктүү беттеш

Үчүнчү турдун матчында 18-апрелде өлкөнүн учурдагы чемпиону «Алай» утулуу ызасын тартууга бир кадам эле жетпей турган, бирок турнирдин аутсайдерлери «Кара-Балта» менен чемпионаттын башталышында эң эле эсте калаарлык матч көрсөттү.

Оюн Кантта өткөн жана 31-мүнөттө «Алай» 0:4 эсеби менен утулуп жаткан. Бирок биринчи таймдын аягында команда болгон күчүн жыйнап артта калуусун эки топко чейин тактап айтканда 2:4 эсепке теңдеген.

Команданын насаатчысы танапис учурунда өзүнүн шакирттерине эмне деп айтканы белгисиз, бирок бул аларды жакшы шыктандырганы көрүнүп турду.

Оштуктар башында эсепти теңдеп, андан кийин дагы эки жолу топ киргизишти. Жыйынтыгында матч 6:5 эсеби менен «Алайдын» пайдасына аяктады.

Натыйжада оюн маанилүү болуп калды. Оштун клубу Кыргызстандын тарыхында 0:4 эсебинде артта калуусун көзгө илбей матчты жеңип алган биринчи команда болуп калды.

Бомбардирдик жарышта катаал күрөш

Чемпионаттын башталышындагы оюндар голдорго абдан бай болуп, бомбардирлер жадыбалында тамашасыз күрөш орун алды. Беш тур ичинде «Алайдын» гвинеялык чабуулчусу Алиа Силла алты жолу топ киргизди. Анын клубдашы Жоэла Кожонун эсебинде беш жолу киргизилген гол бар. Амир Гурбани(«Дордой)», Иван Филатов («Алга») жана Гүлжигит Алыкулов («Кара-Балта») атаандаштарынын дарбазасына үчтөн гол киргизе алышкан.

Ал эми «Дордойго» каршы матчта «Нефтчи» Алишер Тухтасинов эң эле эсте калаарлык гол киргизди.


Алтынчы турдун беттештери:

Топ-Лиганын алтынчы турунун матчтары 3-майдан 6-майга чейин өтөт. 6-майда Бишкекте «Дордой» менен «Алай» борбордук матч көрсөтүшөт.  

03.05 «Нефтчи» (Кочкор-Ата) — «Кара-Балта»

05.05 «Абдыш-Ата» (Кант) — «Академия» (Ош)

05.05 «Илбирс» (Бишкек) — «Алга» (Бишкек)

06.05 «Дордой» (Бишкек) — «Алай» (Ош)

Матчтардын бардыгы Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

*Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты же Топ-Лига — бул өлкөнүн сегиз күчтүү клубдары катышкан Кыргызстандын футбол лигаларынын (төмөндө: Биринчи лига) системасындагы жогорку дивизион. Ал 1992-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Эң эле титулдашкан команда — «Дордой». Бишкектин бул клубу өлкөнүн биринчилигин 9 жолу утуп алган.