Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезону. Жаңы концепция

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезону 8-апрелде башталып 21-октябрга чейин созулат. Чемпиондук наам үчүн Бишкек, Ош, Кант, Кочкор-Ата жана Кара-Балтадан жалпы алты команда ат салышат.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы чемпионатты өткөрүүнүн жаңы формасын сунуш кылды. Лицензия процессинен өткөн алты команда эми өлкө биринчилиги үчүн катышат:

  1. «Алга» Бишкек
  2. «Алай» Ош
  3. «Абдыш-Ата» Кант
  4. «Дордой» Бишкек
  5. «Нефтчи» Кочкор-Ата
  6. «Кара-Балта» Кара-Балта

26-чемпионат төрт айлампадан турат. Анын жүрүшүндө ар бир команда 20 матч ойнойт: ону өз талаасында өтсө, калган онун конок талаасында өткөрөт. Сезон 2017-жылдын 21-октябрында аяктайт.

Алты команданын беши трофейди утуп алыш үчүн буга чейин беттешишкен, ал эми лицензия алган алтынчы команда Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» командасы болуп калды.

Топ-лиганын биринчи баскычында төмөнкү беттештер болот:

  • «Алга» — «Абдыш-Ата», 14:00, КРФФ ФБ стадиону (Бишкек)
  • «Алай» — «Нефтчи», 16:00, А. Сүйүнбаев атындагы стадион (Ош)
  • «Дордой» — «Кара-Балта», 17:00, КРФФ ФБ (Бишкек).

Топ-лиганын мурдагы сезондору

2016-жылдын чемпионатында жети команда катышып, 18 матчтан өткөрүшкөн.

Оштун «Алайы» «Дордой» менен «Алганы» артта калтырып Кыргызстандын 2015-жылы алган чемпиондугун ошол бойдон коргоп калган.

«Алайдагы» гвинеялык футболчу жана чабуулчу Алиа Силла Топ-лидага 21 топ киргизип, чемпионаттын мыкты чабуулчусу деп табылган. Ал ушундай эле наамга 2015-жылы 17 гол киргизип татыган болчу.

Кыргыз футболчулары үчүн бирдиктүү чемпионат өктөрүү идеясы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылы пайда болгон.

1992-жылы Кыргызстандын алгачкы чемпионаты башталган. Ошол жылдагы Топ-лигада 12 команда күч сынашып, чемпиондукту борбор калаадагы «Алга» илип кеткен.

Сүрөт: flk.kg


ТЕМА БОЮНЧА: