Депутаттар кош жарандыгы бар аткаминерлерди түрмөгө отургузууну сунушташууда

Парламентарийлер кош жарандыгы бар аткаминерлер үчүн кылмыш жоопкерчилигин жана штраф салууну караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, башка өлкөнүн жарандыгы бар экенин жашырып койгон президенттикке талапкерлерге же парламенттин депутаттарына 260 миңден 300 миң сомго чейин штраф салынат же алар 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ушундай эле жаза судьяларга жана башка аткаминерлерге да берилет. Мыйзам долбоорунда мындай аткаминерлер Кыргызстанда 50 миңден ашуун экени көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде аткаминерлер айрым өлкөлөрдүн жарандыгы бар же жогуна текшерилээри айтылган. Ал Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Түркия мамлекеттери.

Бийлик аткаминерди «өзгөчө оор механизмдердин» айынан башка өлкөнүн жарандыгына ээлик кылган же кылбаганын текшербейт.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев менен Алмазбек Батырбековдун пикири боюнча, жазанын жоктугунан улам аткаминерлер кош жарандыктарын жашырып келишет, бул өз кезегинде «жашыруун маалыматтын чыгып кетишине» же Кыргызстандын кызыкчылыгы башка өлкөнүкүнө караганда жогору болбой калышына алып келиши мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын апрелинде кыргыз жана казак жарандыгы бар үчүн Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан.

Асылбек уулунда башка өлкөнүн жарандыгы бар экени февралдын ортосунда Казаксандын атайын кызматы саясатчыны Алматыда аткезчиликке шектеп кармагандан кийин билинген.

Казакстандын ИИМи Асылбек уулу Жамбыл облусунда туулганын жана анда казак жарандыгы бар экенин кабарлаган.

Бирок кармалган депутаттын атасы Асылбек Супатаев уулу Кыргызстандын Караколунда туулганын жана казак жарандыгына эч кандай тиешеси жок экенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: