Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыратты. Буга чейин БШКга анын кыргыз жана казак жарандыгы бар экендиги жөнүндө кабар түшкөн.
БШКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, 16-апрелде комиссиянын мүчөлөрү Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыратууну чечишкен. БШК азырынча парламентке анын ордуна ким келе турганын чече элек.
«Бул маселени карай элекпиз. Азыр жыйын жүрүп атат. Ал бүткөндөн кийин белгилүү болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.
Казакстандын атайын кызматы 15-февралдан 16-февралга караган түнү аткезчиликке шектелгендерди колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Алардын арасында парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана үч кыргызстандык бар экени аныкталган. Бир аптадан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Асылбек уулунда казак жарндыгы бар экенин маалымдаган.