«Сулайман-Тоо» музейиндеги полго төшөлгөн туу боюнча кылмыш иши козголду

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музейинин менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысына каршы «Мамлекеттик тууну мазактоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, бөлүм башчы музейди оңдоп-түзөө иштеринде мамлекеттик тууну усталарга алып чыгып берип, ал эми усталар тууну жерге төшөп, таштанды чогултушкан.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, окуя 2017-жылдын 25-сентябрында «Сулайман-Тоо» тарыхый музей комплексинде болгону аныкталган.

«Музейдин 117-119-бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда комплекстин ошол учурдагы менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы кампадагы желекти усталарга алып чыгып берген. Усталар тууну жерге төшөп, курулуш ташдандыларын чогултууга пайдаланышкан», — деди Сыдыков.

Басма сөз катчы бөлүм башчыга 3-октябрда кылмыш иши козголуп, ал андан кийин кызматтан кеткенин айткан.

«Окуя болгон жердеги тартылган сүрөттөрдүн, фото-сүрөткө карата чыгарылган фото-техникалык экспертизанын корутундусу менен 72 жаштагы кызматкерге карата “Мамлекеттик гербди же Мамлекеттик тууну мазактоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Бирок музейдин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев бөлүм башчы кызматын улантып атканын 10-майда «Клооптун» журналистине билдирди.

«Мамлекеттик гербди же желекти мазактоо» беренеси менен айыпталгандар 5 миңден 10 миң сомго чейин штраф төлөп, же бир жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

«Сулайман-Тоо» тарыхый музей комплексинин ичинде желектин полго төшөлүп турганы тартылган сүрөт интернетке 2018-жылдын 9-январында тараган. Сүрөттү музейдин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков жарыялап, ал комплекстин жер төлөөсүндө тартылганын айткан. Ал эми музейдин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кызматкерди өч алууда деп айыптап, сүрөттөрдүн музейде тартылганын четке каккан.

Материал 10-майда жаңыртылып, бөлүм башчы музейде кызматын улантып атканы жөнүндөгү маалымат менен толукталды.


ТЕМА БОЮНЧА: