Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультети

Кыргызстанда эки жылдык ординатуранын мөөнөтүнө дагы бир жыл кошулуп, медицина тармагында билимин тереңдеткиси келген студенттер 3 жылга чейин окушу керек болуп калды. Ош шаарындагы студенттер кууш адистиктер боюнча ординатуранын мөөнөтү узартылып атканына нааразы болуп атышат. Ал эми адистер билимди тереңдетүү үчүн окуу мөөнөтүн узартууга кажет жок дешет.

Кыргызстанда медицина тармагында билим берүү клиникалык жана клиникалык эмес болуп эки багытта жүргүзүлөт. Клиникалык медицинанын негизин төрт адистик түзөт: дарылоо бөлүмү, педиатрия, стоматология, медициналык-профилактикалык бөлүм. Ал эми клиникалык эмес медицинада студенттер фармация тармагында билим алып чыгышат.

Дарылоо бөлүмдө үй-бүлөлүк дарыгер (жалпы практикадагы врач) менен кууш адистиктер (хирург, акушер-гинеколог, окулист, кардиолог ж.б.) багытында врачтар даярдалат.

Буга чейин кууш адистиктер боюнча ординатуранын мөөнөтү 2 жылды түзчү. Өткөн жылдын декабрь айында өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, дарылоо бөлүмүндөгү кууш адистердин ординатурасынын мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узартуу каралган.

Бирок Саламаттык сактоо министрлиги кууш адистиктер боюнча дипломдон кийинки билим берүү убактысына дароо 5 жыл кошулбайт деп ишендирүүдө. Азырынча быйылкы бүтүрүүчүлөр 3 жылдык ординатурадан өтүшөт.

Аталган токтом Кыргызстандагы медицина багытында билим берген 15 окуу жай менен илимий институтка тиешелүү жана 1000ден ашуун студентке таасир этет. Саламаттык сактоо министрлиги 2015-жылы иштеп чыккан жаңы жобо ординаторлордун билимин дагы да тереңдетип кесипкөй адистерди даярдоону көздөйт.

Ош МУнун эл аралык медицина факультети

«Жогорку окуу жай студенттер менен түзгөн келишимди бузуп жатат»

Азыркы күндө Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетиндеги дарылоо бөлүмүнүн 6-курсунда 380 студент билим алууда. Алардын ичинен 80ге чукул студент менен ата-энелери жаңы жобого нааразычылыгын билдирип 2018-жылдын апрель айында жогорку окуу жайдын имаратынын астында үч жолу митингге чыгып, андан тышкары маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Алардын арасында Каныкей Акылбекова да бар. Ал ординатуранын узартылышы боюнча кабар студенттерге кеч маалымдалганын айтат.

«Токтом 2015-жылы иштелип чыгып, өкмөт тарабынан 2017-жылдын декабрында кабыл алыныптыр. Бул туурасында ушул жылдын 23-мартында гана билдик. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрлигине эки жыл аралыгында нааразычылыктар түшпөгөндүгү үчүн токтом күчүнө киргенин айтышты. Ушул эки жылдын ичинде окуу жай бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болмок да», — деп нааразы болот ал.

Акылбекова студенттер бийлик өкүлдөрүнөн аталган маселеге көңүл буруп, бир ай аралыгында реформаны кайтарып алуу боюнча чечим чыгарып берүүнү суранып кат жолдошконун айтат.

Бир жылдан кийин ординатор болуучу Сагынбек Заирбаев жаңы жобону акысыз билим алган студенттерге киргизүү туурараак болмок деген пикирде.

«Эгерде ушунчалык эле мамлекеттик деңгээлде реформа жасалып жатса, бюжеттик негизде окугандарды аймактарга жиберип, ошолорго бул системаны киргизишсин. Себеби алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алып жатышат, биз болсо контракттык негизде окуп жатабыз. Башкача айтканда, билимди сатып алып жатабыз, бизде тандоо болушу керек», — дейт ал.

Рабия Темированын баласы жаңы жобого туш болгон студенттердин бири. Эненин айтымында, ординатуранын мөөнөтүнүн узартылышы менен жогорку окуу жай студенттер менен түзгөн 8 жылдык окуу келишимин бузуп жатат.

«Биздин балдар 2012-жылы ОшМУга тапшырып жатканда келишимде алты жылда жогорку билимдин дипломун алышат, эки жыл ординатура өтүшөт деп көрсөтүлгөн болчу. Студенттер өкмөттүн токтомун угуп моралдык жактан кыйналып, сабактарын жакшы окуй албай калышты. Биздин балдарды мурунку окутуу системасы менен бүтүрүп беришсин деген талапты коюп жатабыз», — деди Темирова.

Ординатура дагы бир жылга узартылса, аны төлөөгө айрым элеттиктердин чамасы жетпей калышы мүмкүн экенин кошумчалап өттү ал.

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы

«Эл аралык практикада кууш адистикти 2-3 жыл үйрөнүү бул аздык кылат»

Билим берүүдө Саламаттык сактоо министрлиги кандай реформа жүргүзбөсүн, ординаттар ага баш ийүүсү керек экенин айтат ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин деканы Айгүл Момунова.

«Бизде кууш адистиктер деген түшүнүк бар. Бул багытта алдыда ординатураны 3-5 жылга чейин узартуу маселеси турат. Анткени, эл аралык практикада кууш адистикти 2-3 жыл үйрөнүү бул аздык кылат. Бирок бул деген дароо эле 5 жылга узартуу эмес. Учурда үй-бүлөлүк дарыгер багытында ординатуранын мөөнөтү 2 жылды, ал эми кууш адистиктер боюнча 3 жылды түзүп жатат», — деди декан.

Момунова жаңы жобо туурасында түшүндүрмө берүү максатында студенттер жана алардын ата-энелери менен бир нече жолу жолугушуу уюштурулганын белгиледи.

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультенинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Талант Анаркулов жогорку окуу жай менен студенттердин ортосунда түзүлгөн келишимде ординатура боюнча сөз болгон эмес дейт.

«Медициналык факультеттеги дарылоо бөлүмүнүн студенттери контракттык жана бюджеттик негизде 6 жыл окушат. Жогорку окуу жай тарабынан берилген мамлекеттик үлгүдөгү дипломду колуна алгандан кийин студент өз каалоосуна жараша ординатурага тапшырат. Саламаттык сактоо министрлиги киргизип жаткан реформаларга ОшМУ жооп бере албайт», — деп түшүндүрдү Анаркулов.

«Эгер студент чын дилинен берилсе, аз убакытта деле жакшы адис боло алат»

Оштогу «Доктор Мансурова» жеке менчик клиникасынын жетекчиси, акушер-гинеколог Санобар Мансурованын айтымында, жаңы система ординаторлордун убактысын гана алат.

«Каалоосу бар студент 2 жылда деле баарын жашы өздөштүрүп алып кете алат. Совет учурунда бүткөндөр азыркы тапта күчтүү врач, илимдин кандидаты болуп чыгышты. Эгер студент чын дилинен берилсе, аз убакытта деле жакшы адис боло алат», — деди Мансурова.

Гинеколог ординатуранын мөөнөтүн узартуу боюнча токтом кабыл алынып жатканда элдин социалдык абалы эске алынбай калган деп эсептейт.

«Бирөө дыйканчылык менен, дагы бирөө кыйналып соода-сатык менен балдарын окутат. Бул жада калса калкка да оор келет. Башка элдеги практиканы колдонуп, ошону менен студенттердин билимин жогорулатабыз деген нерсе да туура эмес. Себеби башка мамлекеттин деңгээли бөлөк, экономикасы бөлөк, калктын жашоо шарты башка», — деп белгиледи Мансурова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадр иштери жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова медфактын акыркы курсунун студенттеринен жаңы жобого нааразычык билдирген кайрылуу кат келгенин ырастады.

«Бизге ата-энелерден жана студенттерден кайрылуу түштү, ошонун негизинде бизде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жумушчу топ түзүлдү. Комиссия өлкө боюнча 1-июнга чейин түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Биринчи эле медакадемиядан баштап андан ары улантып кетебиз. Бирок жүргүзүлгөн реформа же чыккан жобо мыйзам жокко чыгарылбайт жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп оңдоп-түзөөдөн өтүүсү мүмкүн», — деди бөлүм башчы.

Сүрөттөрдүн автору: Майрамбек Таалайбек уулу