Лейлекте сел жүрүп, үч айыл жарыксыз калды

Баткенде катуу жааган жаандан кийинки сел ташкыны мал жандыктарын жана электр мамыларын сууга агызып, Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр жарыгысыз калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок деп билдирүүдө.

Баткендин Лейлек районунда 13-май күнү түштөн кийин жүргөн селдин кесепетинен Исфана шаарында, Аксуу, Сумбула, Бешкент, Эски-Оочу, Коммунизм, Коровник айылдарында мал жандыктары, электр мамылары сууга агып, турак-жайларды суу каптады.

Мындан сырткары, райондун Аксуу, Чоюнчу жана Жаркыштак айылдары жарыксыз калганын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» маалымдады.

Басма сөз катчынын айтымында, cел Исфана шаарында 2,9 км, Суу Башы айылында 5 км, Эски-Оочуда 4 км, Даргазда 1,5 км, Дархум жана Чурбек айылдарында 3 километрден ички чарбалык жолдорду керектен чыгарган жана учурда район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Аны менен катар район аймагындагы жок эле дегенде бир ички чарбалык көпүрө да кыйраган.

«Лейлек районунда ӨКМнин 91 куткаруучусу, 11 техникасы, Жалпы жарандык коргоо кызматы, райондук электр станциясынын адистери иш алпарууда. Жарыксыз калган үч айылга бир апта ичинде электр энергиясы жеткирилет», — деп токтолду Шерипова.

Шерипова кошумчалагандай, селден улам Исфана шаарындагы «Ак чыйыр» интернатынын, «Ынтымак», «Арча-Бешик» бала бакчасынын жер төлөлөрүн суу каптаган.

Кырсыктан киши өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда ӨКМ жана Жарандык коргоо комиссиясы келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Ошондой эле, 13-майда Аксы, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда да сел жүрүп, 20дан ашуун турак-жайдын короосун, жер төлөсүн жана айрым үйлөрдүн ичин суу каптаган.


ТЕМА БОЮНЧА: