Кыргызстандын түштүгүндөгү айылдар селден жабыркады

Акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жаандын айынан сел көп болду. Натыйжада бир нече калктуу конушта үйлөр менен жер тилкелерин суу басып, жолдордо суунун шары автоунааларды агызып кетип жатты.

Кыргызстандын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жаандын айынан сел каптады. Каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок.

Баткен облусунда жаратылыш кырсыгынан бир нече айыл аймагы жана Ош-Баткен-Исфана кан жолу зыян тартты. Актатырда үч үйдү суу каптап, көп кишилердин жерин баткак менен таш басып калды. Таш аралаш ылай жергиликтүү жолдун да бир бөлүгүн басты.

Самаркандекте сел үч үй менен бир автоунааны каптап кетти. Электр зымдарына да зыян тийип, мамылардын бири кыйшайып калды.

Ош-Баткен-Исфана кан жолунун 282-чакырымында үч автоунааны суу алып кетти. Алар таптакыр жараксыз абалда калды.

Жалал-Абад облусунда Ак-Жар айылында сел төрт көпүрөнү алып кетип, алардын үчөөнү ӨКМ калыбына келтирди.

Ошй облусунда жаандын айынан Камырсуу дарыясы ташкындады. Дайра Камырсуу менен Аралда аз жерден алты үйдү каптап кете жаздады, бирок ӨКМ анын нугун бурганга жетишти.

Азыр окуя болгон жерде мекеменин аймактык бөлүктөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иш алып барып жатышат.

«Калыбына келтирүү жана тазалоо иштерине канча күч жана каражат кетээри ошол жактан чечилет», — дешти мекеменин басма сөз кызматындагылар.

ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова Kloop.kg менен болгон маекте мекеме жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сел коркунучу тууралуу эскерткенин түшүндүрдү.

«Селдердин алдын алса болот. ӨКМ конкреттүү даталарды көрсөтөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо зыяндын алдын алууга даяр болушу керек. Адатта ал сугат системалары толуп кеткедиктен болот, аларды тазалашпайт», — деди басма сөз катчысы.


ТЕМА БОЮНЧА: