Ошто 8-кабаттан кулаган куруучу каза тапты

Ош шаарында жаңы салынып жаткан имараттын 8-кабатынан кулаган 25 жаштагы куруучу ооруканага жетпей каза тапты.

Куруучу жигит 14-май күнү күндүзү Ош шаарынын Гагарин көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан кулап кеткен. Шаардык милициядан билдиришкендей, ал ооруканага жетпей көз жумган.

«Жапалак айылынын 25 жаштагы тургуну Майсал Кадырбай уулу “Нурзаман” көп кабаттуу үйүнүн 8-кабатында иштеп жаткан жеринен кулаган. Ал ооруканага бараткан жолдо каза болуп калган», — деп маалымдады «Клоопко» Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Райхан Абдразакова.

Ош шаардык милициясы окуяны «кокустук» деп каттоого алган.

«Көп кабаттуу үйдүн курулушу учурунда коопсуздук эрежелери сакталып-сакталбагандыгы боюнча иликтөө жүрүүдө. Азырынча каза болгон кызматкердин жакындары арыз менен кайрыла элек», — деп токтолду Абдразакова.

Маркум 15-май күнү Ош шаарына караштуу Жапалак айылында жерге берилген.


ТЕМА БОЮНЧА: